Чубак Жалилов менен Абдышүкүр Нарматов Санкт-Петербургдагы кыргыздар менен жолугат

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-муфтий Кыргызстана Чубак ажы Жалилов
Экс-муфтий Кыргызстана Чубак ажы Жалилов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага аялзаты да катышса болору айтылды.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматов менен кеңештин мүчөсү Чубак Жалилов Санкт-Петербургда иштеп жаткан кыргызстандыктар менен жолуга турганын муфтият билдирди.

Маалыматка ылайык, аалымдар бүгүн түнү учуп кетишкен. Жолугушуу бүгүн саат 12.00дө шаардын борбордук мечитинде өтөт.

Билдирүүдө иш-чарага аялдар да катышса болору, алар үчүн атайын орундар даярдалганы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0