Белектер шаардык кеңештин депутаттарына берилеби? Мэрия корото турган 800 миң сом

© Sputnik / Табылды КадырбековКондитерская фабрика "Таттуу"
Кондитерская фабрика Таттуу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белек салынган ар бир таңгактын сыртында "мэриянын герби" жана "Бишкек шаардык кеңештин депутаттары" деген жазуу болушу шарт.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясынын социалдык өнүгүү башкармалыгы шаардык кеңешке белек алуу үчүн 800 миң сомдук тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалат.

Тендер 11-декабрда жарыяланган,  мөөнөтү 18-декабрда аяктайт.

Предновогодняя Москва - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте балаты жана белек саткан жайлар ачылды
Коюлган талаптар боюнча таңгактын ортосунда "Бишкек мэриясынын герби" (сөз шаардын герби тууралуу болуп жатса керек), ылдый жагына "Бишкек шаардык кеңештин депутаттары" деген жазуу болуусу кажет. Белектин ичинде шоколад, батончик, печенье, мармелад, шоколаддан жасалган жумуртка жана момпосуйлар болушу зарыл. Белектин жалпы салмагы 1 751 граммдан кем болбошу керек.

Sputnik Кыргызстан агенттиги мэриянын социалдык өнүгүү башкармалыгы эмне үчүн дал ушундай тендер жарыялаган себебин тактап жатат.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешинде 45 депутат бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0