Депутат Мирлан Бакиров Профсоюздар федерациясын жоюп салууну сунуштады

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгекчилердин эс алуу фондусуна 2017-жылы 255 миллион сом бөлүнгөн.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Кыргызстандын профсоюздар федерациясына жылына көп каражат бөлүнгөнү менен анын ишмердиги көңүл жылытарлык эместигин айтты. Эл өкүлү социалдык фондусунун төрагасы Медер Ирсалиевден 2017-жылы эмгекчилердин эс алуу фондусуна канча акча которулганын сурады.

Депутаттар бүгүнкү жыйында "КР Социалдык фондунун 2017-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун карады. Ал экинчи окууга киргизилет.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Икрамов айрым мамлекеттик кызматкерлердин жарандыгынан шек санады
Исраиловдун айтымында, 2017-жылга эмгекчилердин фондуна 255 миллион сом каражат бөлүнгөн.

Депутат Бакиров бул каражатты ким көзөмөлдөй турганын сурады. Исраилов акчанын бөлүштүрүлүшүн Кыргызстандын профсоюздар федерациясы аткарарын белгиледи.

Өз кезегинде Кыргызстан профсоюздарынын төрагасынын орун басары Жээнбек Осмоналиев чындап эле 2017-жылы эмгекчилердин фондуна 255 миллион сом бөлүнгөнүн ырастап, ал чоң кишилер менен балдардын эс алуусу үчүн коротулганын айтты.

"2017-жылы 35 738 жаран жолдомо менен камсыз болгон. Анын 17 миңи (чоң киши) — санаториялык курорттук дарыланууга барса, 16 644 бала жайында эс алышкан. Ал эми 1982 бала санаториялык-профилактикага барган", — деди Осмонолиев.

Эл өкүлү Бакиров Профсоюздар жылына бюджеттен олчойгон каражат алганы менен өзүлөрүнө таандык эс алуу жайларын талапка ылайык оңдоого чолоосу келбей жатканын белгиледи. Депутаттын бул дооматына КР профсоюздарынын төрагасынын орун басары Жээнбек Осмоналиев колдон келишинче, мүмкүнчүлүккө жараша оңдолуп жатканына токтолду.

"Биздин мекемелердин ичинде жыл бою иштегендер бар. Алар такай оңдолуп турат, ал эми сезонго жараша — жайында иштегендер жаздын алды менен оңдоло баштайт", — деди Осмоналиев.

Депутат Мирлан Бакиров Профсоюздар федерациясында коррупция гүлдөп өнүгүп жатканын белгиледи.

Ала-Тоо аянтынын жаңы жылдык жасалышы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар 2019-жылы кайсы майрамдарда эс алат? Тизме
"Коррупцияга баткан, 255-270 миллион сом каражатты алып, эс алуу жайларынын эшик терезесин алмаштырууга жарабаган ушундай профсоюз уюму керекпи?" — деп суроо салды депутат.

Ал ошондой эле Профсоюздар федерациясы иштеп жаткан азыркы мыйзам Конституцияга жана нормативдик актыларга каршы келет деген юстиция министринин расмий каты бар экенин кошумчалады.

Депутаттын көтөргөн бул маселеси өкмөттө дагы талкууланганын вице-премьер Алтынай Өмүрбекова билдирип, бирок так бир чечим кабыл алына электигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0