Бишкекте балаты жана белек саткан жайлар ачылды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүПредновогодняя Москва
Предновогодняя Москва - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаада ушу тапта балаты базары иштеп жатат, ал эми 10 күндөн кийин белек жарманкеси ачылмакчы.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Бишкектин тургундары жаңы жылдык балатыларды Медеров менен 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинен сатып ала  алат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Аталган даректеги базар 10-декабрда ачылып, ушул айдын соңуна чейин иштейт. Бул жерден карагайдын бир нече түрүн сатып алууга болот.

Ала-Тоодо балатынын оттору жанды! Жомок дүйнөнүн асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
"Ала-Тоодо" балатынын оттору жанды! Жомок дүйнөнүн асмандан көрүнүшү
Балатылардын баары тамыры менен сатылууда, аларды майрамдан кийин жерге отургузуп коюуга болот. Сатуучу-консультанттар анын жол-жобосун түшүндүрүп бере турганы айтылды.

Мындан тышкары, 21-23-декабрь күндөрү Курманжан датканын эстелигинин жанында белек жарманкеси ишин баштайт. Бул жерден эл өзгөчө, кийизден, жибектен жасалган буюм-тайымдарды, жасалгаларды сатып ала алат.

Жарманкеге Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандан 30дан ашуун кол өнөрчүнүн келиши күтүлүүдө.

Борбордук "Ала-Тоо" аянтында башкы балатынын оту кантип жанганын көрдүңүз беле? Арманда калбай көрүп коюңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0