Искендер Матраимов Википедияга чыккан материал боюнча үн катты

© Sputnik / Табылды КадырбековСтатья "Коррупционный клан Матраимовых" в Википедии
Статья Коррупционный клан Матраимовых в Википедии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү жарыяланган материалдагы фактылар анын жети уктаса түшүнө кирбегенин айтты.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Искендер Матраимов өзү жана жакындары тууралуу интернетте тараган маалымат боюнча пикирин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Искендер Матраимов
Депутат Искендер Матраимов - Sputnik Кыргызстан
Депутат Искендер Матраимов

Википедия ачык энциклопедиясында "Матраимовдордун коррупциялык кланы" ("Коррупционный клан Матраимовых") деген материал жарыяланды. Анда бир туугандар кантип, кандай жол менен байыганы, кайсы президенттерге "капчык" болгону, уюшкан кылмыштуу топ түзгөнү жана мамлекеттик кадр саясатына аралашып, маанилүү деген орундарды саткандары тууралуу жазылат. Материалда кландын негиздөөчүсү жана башчысы Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов экени белгиленген.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги депутаттын өзү менен байланышып, жарыяланган материал боюнча пикирин укту.

Матраимов материалды окуп, айласыздан күлгөнүн айтты.

"Аны соо адам жазган эмес. Мындайга чейин түшпөш керек да. Мынчалык жазган адамды мен көргөн эмесмин. Түштүк региону боюнча кадр менин колумда экен, баңгизаты менен алектенет экем, рэкет болуп кетиптирмин… Эми мынчалыкка барбаш керек да. Мени тааныган башка кишилерден сурап көргүлөчү. Мен жөнөкөй эле адаммын. Бүгүнкү күнгө чейин элге окшоп айдоочу албайм, бекинип жан сакчы менен жүрбөйм. Жазылган нерселер жети уктасам да түшүмө кирген эмес. Ошону окуп алып күлдүм. Мени Италиянын "мафиозниги" кылып көрсөтүп коюшуптур. Ушундай деңгээлде "мафиозник" болуп кеткенимди өзүм да билбептирмин. Айран-таң калдым", — деди Матраимов.

Депутат, андан сырткары, бүгүнкү күнү Кыргызстанда бирөөнү жамандоо, каралоо оңой эле болуп калганын белгиледи.

"Ушуну туура жаздымбы, туура эмес жаздымбы деп биринчи Кудайдан коркуш керек. Кудайдан коркуп туруп, анан жазса жакшы болот эле. Муну эч нерседен коркпогон адам жазган окшойт", — деди депутат.

Эл өкүлү өз сөзүндө бул материалды кимдир бирөө заказ кылган болушу ыктымалдыгын белгилеп, эгер ошондой болсо, ал адамды Кудайга койгонун айтты.

Белгилей кетсек, Википедия ачык энциклопедиясына каалаган адам маалымат жүктөп, оңдой алат. 

Искендер Матраимовдун тууганы Раим Матраимов былтыр 23-ноябрда "ишенимден чыкты" деген жүйө менен Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басарлыгынан бошогон.  Тийиштүү буйрукка ошол учурдагы премьер-министр Сапар Исаков кол койгон. Арадан беш ай өткөндөн кийин 20-апрелде Матраимов мыйзамсыз жумуштан бошотулганы туурасында арызданып, Биринчи Май райондук сотуна кайрылган.

Кийин ишти караган райондук сот Матраимовдун доосун канааттандырган

Бирок анын адвокаты Татьяна Карыжинская Матраимовду азырынча кызматына кайтарылды деп айтууга эрте экенин белгилеп, иш кийинки инстанцияда каралып калышы мүмкүндүгүн билдирген.


Жаңылыктар түрмөгү
0