ЕАЭБ өлкөлөрүндө роуминг өчүшү мүмкүн

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүТелефон кармап турган адам. Архив
Телефон кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия менен Белоруссиянын ортосунда роумингди 2019-жылы өчүрүү пландалууда.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрүндө роумингди өчүрүү мүмкүнчүлүгү талкууланып жатат. Бул туурасында РИА Новостиге маек берип жатканда Россиянын Монополияга каршы федералдык кызматтын жетекчисинин орун басары Анатолий Голомолзин айткан.

Белоруссия менен Россиянын ортосундагы роумингди токтотуу боюнча чечимге комментарий берип жатып, Голомолзин төмөнкүчө пикирин билдирген.

"Бул боюнча иш ЕАЭБдин аймагында жүргүзүлүп жатат. Тагыраагы, эки тараптуу гана эмес, "бештиктин" алкагында да талкууланууда", — деп айткан ал. 

Анын айтымында, ЕАЭБ айдыңында аталган байланышты токтотуу тиешелүү келишимде каралган. 

Буга чейин Голомолзин Россия менен Белоруссиянын ортосунда роумингди 2019-жылы өчүрүү пландалып жатканын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0