Бишкектеги башкы балатынын жасалгасы аяктады. Сүрөт

© пресс-служба мэрии города БишкекОформление к новому году площади Ала-Тоо в Бишкеке
Оформление к новому году площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балатынын ачылышы саат 19:00дө болот.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтына коюлган башкы балаты кооздолуп бүткөнүн мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, балаты бүгүн, 10-декабрда, саат 19:00дө ачылат. Жаңы жылдын символу болгон балатынын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метрге жетет. Атайын темирге 2 миң 400 бутактары жармаштырылып, 940 даана оюнчук менен кооздолду. Андан сырткары, дюралайттан жасалган 4900 метр жаңы жылдык жарыктар жана 440 метр гирлянддар менен шөкөттөлдү.

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтына коюлган башкы балаты кооздолуп бүттү
Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтына коюлган башкы балаты кооздолуп бүттү - Sputnik Кыргызстан
1/3
Бишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтына коюлган башкы балаты кооздолуп бүттү
© пресс-служба мэрии города БишкекКалаанын көчөлөрүнө жаңы жылга карата 20 билборд орнотулуп, Түштүк магистралга жана Чүй менен Манас проспектилерине майрамдык кронштейндер илинди.
Калаанын көчөлөрүнө жаңы жылга карата 20 билборд орнотулуп, Түштүк магистралга жана Чүй менен Манас проспектилерине майрамдык кронштейндер илинди. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Калаанын көчөлөрүнө жаңы жылга карата 20 билборд орнотулуп, Түштүк магистралга жана Чүй менен Манас проспектилерине майрамдык кронштейндер илинди.
© пресс-служба мэрии города БишкекКалаанын башка көчөлөрү да жасалгаланууда.
Калаанын башка көчөлөрү да жасалгаланууда. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Калаанын башка көчөлөрү да жасалгаланууда.
1/3
Бишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтына коюлган башкы балаты кооздолуп бүттү
2/3
Калаанын көчөлөрүнө жаңы жылга карата 20 билборд орнотулуп, Түштүк магистралга жана Чүй менен Манас проспектилерине майрамдык кронштейндер илинди.
3/3
Калаанын башка көчөлөрү да жасалгаланууда.

Калаанын көчөлөрүнө жаңы жылга карата 20 билборд орнотулуп, Түштүк магистралга жана Чүй менен Манас проспектилерине майрамдык кронштейндер илинди. Калаанын башка көчөлөрү да жасалгаланууда.

Главная новогодняя елка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жаңы жылда кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алат
Бишкектин жаңы жылдык кооздолушу "Кышкы жомок" деген концепция менен ишке ашты. Аны "Бишкекбашкыархитектура" иштеп чыккан.

Ошондой эле борбордук фонтандын үстүнө "Кар канышасы" жомогунун мотиви боюнча "Муз такты" орнотулду. Андан сырткары, сыйкырдуу бугуларга чегилген чанада отурган Аяз атаны көрүүгө болот.

Бишкек шаарынын бардык райондоруна жана маданий борборлордун алдына балатылар орнотулууда.

Мэриянын маалымат кызматынын билдиришинче, 2018-жылдын киреше бөлүгү оптимизация болгондон кийин жаңы жылга даярдык көрүү жана өткөрүүгө кеткен чыгым 6 миллион сомдон ашпайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0