Бишкектин бир катар аймагы жарыксыз калат. Тизме

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЭлектр линиясы. Архив
Электр линиясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электр жарыгын өчүрүү трансформатордук подстанциялардын иштешин текшерип, кемчиликтердин алдын алуу максатында болорун айтышты.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. 10-декабрь, дүйшөмбү күнү, Бишкектин бир нече аймагында жарык жок болот. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

09.30-18.00 — Көк-Жар конушундагы Шабдан баатыр көчөсүнүн Ахунбаевден Түштүк ЧЧКга чейинки бөлүгү;

09.30-13.00 — Көк-Жар конушундагы Ахунбаев, Босого, Куланак, Достоевский көчөлөрү менен кесилишкен бөлүгү;

09.30-18.00 — Ак-Бата конушундагы 17-19-көчөлөр;

09.30-17.00 — Дордой конушу;

09.00-17.00 — Чуйков көчөсүндөгү №20, 20 А үйлөрү;

09.30-17.00 — Патрис Лумумба көчөсүндөгү №78 үй;

09.30-17.00 — Абай, Медеров, Орловский көчөлөрүнүн бир бөлүгү;

09.30-17.00 — Ала-Тоо конушундагы Туюк-Жар, Сары-Учкун көчөлөрү;

09.00-18.00 — Салам-Алик конушундагы Кызыл-Алма, Көк-Сай, Эркин, Манас көчөлөрү, Көкчө-Тоо, Махатма Ганди, Васильев көчөлөрүнүн бир бөлүгү.

Жаңылыктар түрмөгү
0