Жээнбеков теле кызматкерлерин мааракеси менен куттуктады

Жазылуу
Президент өз куттуктоосунда 1958-жылдын 8-декабрында Кыргызстанда эң алгачкы телепрограмма эфирге чыкканын белгиледи.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Президент өз куттуктоосунда 1958-жылдын 8-декабрында Кыргызстанда эң алгачкы телепрограмма эфирге чыкканын белгилеп, 60 жыл ичинде кыргыз телекөрсөтүүсү жана радиосу өзүнүн өнүгүү жолунда зор өзгөрүүлөргө жетишкенин айткан.

"Кыргызстандыктар өлкөнүн социалдык, экономикалык жана маданий турмушун чагылдырууга, элибиздин мыкты каада-салттарын сактоого кошкон сиздердин салымыңыздарды жогору баалайт. Сиздердин жаратман эмгегиңер Кыргызстандын элинин биримдигин бекемдөөгө, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүүсүнө багытталган", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, мамлекет башчы телекөрсөтүү жана радио кызматкерлери мамлекеттик бийлик органдарынын ишин күн сайын электен өткөрүп, элге жаңыча дем, жигердүү күч, шыктануу берерин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0