14:34 19 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR79.3952
  • RUB1.0462
Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) башкы директору Илим Карыпбеков. Архивное фото

Органдар алдында жооп берүүгө даярмын. Карыпбеков КТРКдагы аудит боюнча үн катты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
364 0 0

КТРК жетекчиси эки жылга созулган бул аудитти өткөрүүгө өзү демилгечи болгонун билдирди.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) башкы директору Илим Карыпбеков телеканалдагы 57 миллион сомдук зыян боюнча өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жооп берди. 

Эске салсак, КРдин Эсеп палатасы коомдук каналда аудит жүргүзүп, бир катар зыян келтирүүлөр боюнча отчет даярдаган. 

Карыпбеков жообунда “өз жетекчилиги кезинде кандай кемчиликтер кеткенин билүү максатында” эки жылга созулган аудитти өткөрүү боюнча өзү демилгечи болгонун айтты. 

"Албетте, талаш-тартыш жарата турган учурлар бар. Бирок биз негизинен аудиттин жыйынтыгына канааттандык. Мен жоопкерчиликтен качпайм. Ар бир пункту үчүн тиешелүү органдар алдында жооп берүүгө даярмын. Бир нерсеге даана көзүм жетет, теле тармагын жөнгө салып турган азыркыдай мыйзамдар менен биз өнүгө албайбыз”, — деп жазды Карыпбеков.

Анын пикиринде, замандын талабына ылайык атаандаштык жарата турган шарттарды түзүү үчүн тез арада мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарыл. 

Тема боюнча

КТРКда 57 миллион сомдук зыян келтирилгени аныкталды
КТРКнын айдоочулары эмнеге иш таштады? Илим Карыпбековдун түшүндүрмөсү
Белгилер:
жооп, КТРК, Эсеп палатасы, Илим Карыпбеков
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ