Улуттукпу, коомдукпу, мамлекеттикпи? КТРКнын 60 жылдыгына карата

Жазылуу
Коомдук телерадиокорпорациясы быйыл 60 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Бул жылдар аралыгында көгүлтүр экрандын артындагы журналисттер, кабарчылар, алып баруучулар, режиссер, операторлор, деги эле ар бир тележылдызы элибиздин сүймөнчүлүгүнө гана ээ болбостон, биз үчүн жакын адамдардай эле болуп калды.

Бул датага байланыштуу Sputnik Кыргызстан радиосу убагында жашоосун телевидениеге арнап, ал жерден агарып-көгөрүп, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон чыгармачыл инсандарды студияга чакырып, баскан жолу тууралуу билүүнү эп көргөн.

Сагида Бакирова

© Sputnik / Табылды КадырбековОтличник КТРК Сагида Бакирова
Отличник КТРК Сагида Бакирова - Sputnik Кыргызстан
Отличник КТРК Сагида Бакирова
Бакирова: согуштан кийинки тартыш жылдарга карабай теледе жигердүү иштедик

Кыргыз телевидениесинин түптөлүшү оор убакытка туш келди. Согуштан кийинки тартыш жылдар болгонуна карабай, анда иштеген адамдардын жигердүү аракети менен телевидение негизделди. Сагида Бакирова өзү бала чагынан бийчи болууга кызыкканы менен ата-энеси уруксат бербей койгон. Секелек кыз мектепти бүтүп, теле аркылуу искусствого аралашуу максатында журналистика кесибин тандаган. Журналист кыргыз телевидениесинде 30 жыл талыкпай эмгектенип, 1998-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

Нурила Кожотаева

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаслуженный деятель культуры Кыргызстана, журналист Нурила Кожотаева
Заслуженный деятель культуры Кыргызстана, журналист Нурила Кожотаева - Sputnik Кыргызстан
Заслуженный деятель культуры Кыргызстана, журналист Нурила Кожотаева
Кожотаева: телевидениеде иштейм деп чоң кызматтан баш тарткам

Нурила Кожотаева кыргыз телевидениесинин ачылышы менен калың элди куттуктап эфирге чыккан алгачкы тележурналист болгон. Ал 1958-жылы 1-курстун студенти кезинде "Көгүлтүр от" программасын биринчи болуп эфирге алып чыккан. Кожотаева кыргыз телерадиокорпорациясында 40 жыл эмгектенген.

Олжобай Токтосунов

© Sputnik / Табылды КадырбековИзвестный кыргызский телеведущий Олжобай Токтосунов
Известный кыргызский телеведущий Олжобай Токтосунов  - Sputnik Кыргызстан
Известный кыргызский телеведущий Олжобай Токтосунов
Токтосунов: теленин ордун интернет басты деп айтууга абдан эрте

Белгилүү алып баруучу, тележурналист Олжобай Токтосуновду өлкөдө тааныбаган адам деле болбосо керек. Ал экран аркылуу республикадагы социалдык, экономикалык, саясий маселелер, кубулуштар жана өзгөрүштөр менен элди тааныштырып, телевидениедеги мыкты алып баруучулардын, тележурналисттердин катарында болгон. Токтосунов ушу тапта деле сүйгөн кесиби боюнча эмгек жолун улантып, эмгегин жогору баалаган көрүүчүлөрүн маалымат менен ар тараптуу азыктандырып келет.

Рабига Алыбаева

© Sputnik / Табылды КадырбековОтличник КТРК, режиссер Рабига Алыбаева
Отличник КТРК, режиссер Рабига Алыбаева  - Sputnik Кыргызстан
Отличник КТРК, режиссер Рабига Алыбаева
Алыбаева: телевидениеде эң бактылуу күндөрүмдү өткөрдүм

КТРКнын отличниги, режиссер Рабига Алыбаева телевидениенин дасыккан режиссерлорунан. Бул адам эмгек жолунда Жолдубай Кайыпов, Роза Ырыскелдинова, Турсун Исаева, Сагида Бакирова, Орозбек Чолпонкулов, Амантай Ниязалиев сыяктуу өз кесибинин мыктылары менен иштеп, ал жерде өмүрүндөгү бактылуу күндөрү өткөнүн сыймыктануу менен айтат.

Казыбек Кененбаев

© Sputnik / Асель АкматалиеваОтличник КТРК, заслуженный деятель Кыргызстана Казыбек Кененбаев
Отличник КТРК, заслуженный деятель Кыргызстана Казыбек Кененбаев - Sputnik Кыргызстан
Отличник КТРК, заслуженный деятель Кыргызстана Казыбек Кененбаев
Кененбаев: КТРКнын 19 директору менен иштештим

Ал эми КРдин эмгек сиңирген ишмери Казыбек Кененбаев телерадио тармагында жарым кылымдай убакыт иштеген инсан. Алгач ал аскердик кызматка чейин Фрунзе шаарындагы №20 техникалык окуу жайын бүтүрүп, радио жана телемастер кесибине ээ болгон. Ошол жагдай аскердик кызматтан кийин аны КТРге ишке орношуусуна өбөлгө түзгөн. Кененбаевдин айтымында, эмгек жолунун башында ал Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары менен бирге иштеп, бир топ тажрыйба топтогон.

Бакыт Зарлыков

© Sputnik / Асель АкматалиеваОтличник КТРК, заслуженный деятель Кыргызстана Бакыт Зарлыков
Отличник КТРК, заслуженный деятель Кыргызстана Бакыт Зарлыков - Sputnik Кыргызстан
Отличник КТРК, заслуженный деятель Кыргызстана Бакыт Зарлыков
Зарлыков: КТРКда иштеген оператор балдардын көбүн тарбияладым

Оператор Бакыт Зарлыковдун орду КТРК үчүн зор. Баалуу, барктуу кадрлардын "атасы". Өзүнүн эмгек жолунда далай улан-кыздарды кесипкөйлүккө үйрөттү. КТРКда азыр иштеген оператор балдардын көбүн дал ушул адам тарбиялаган. Айрым учурларда жаш операторлор түшүргөн кадрларды карап отуруп, өзүнүн шакирттерин адашпастан аныктап алган учурлары болорун айтканы бар. Андан тарбия алган уландар өлкө ичи эле эмес, Кытай, Россия, Түркия сыяктуу өлкөлөрдүн ири медиа мекемелеринде иштеп жүргөндүгүн сыймыктануу менен белгилеп жүрөт.

Дамира Абдразакова

© Sputnik / Жоомарт УраимовОтличник КТРК, заслуженный деятель культуры Дамира Абдразакова
Отличник КТРК, заслуженный деятель культуры Дамира Абдразакова  - Sputnik Кыргызстан
Отличник КТРК, заслуженный деятель культуры Дамира Абдразакова
Абдразакова: айылдашыма эрегишип жатып окууга өтүп кеттим

КТРКнын отличниги, маданияттын мыкты кызматкери Дамира Абдразакова Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектебине айылдаш кызына эрегишип жүрүп тапшырып алгандыгын айтып, бул жагдай анын турмушунда чоң бурулуштардын башаты болгонун эскерет. 1983-84-жылдары үй-бүлө күтүп, бала-чакалуу болуп калгандан кийин Анарбек Майнанкулов телевидениеге чакырып, ошол бойдон жашоосу көгүлтүр экрандын артындагы режиссерлук пультуна байланып калгандыгын айтат. КТРКдагы эмгек жолун "Ала-Тоо" маалымат программасынан баштап, кийин "Сайра комуз", "Ыр кесе" маданий программаларында уланткан.

Майраш Сагынова

© Sputnik / Асель АкматалиеваОтличник КТРК, режиссер Майраш Сагынова
Отличник КТРК, режиссер Майраш Сагынова - Sputnik Кыргызстан
Отличник КТРК, режиссер Майраш Сагынова
Сагынова: таңкы саат төрткө чейин эфирде отурчубуз

Режиссер Майраш Сагынова КТРКга 40 жылдык өмүрүн берди. Каналдын саясат жана экономика редакциясында иш күнү-түнү дебей кызуу жүрүп, парламентте сессия болгон күндөрү таңкы саат төрткө чейин иштеген күндөр дагы деле көз алдымда дейт каарманыбыз. Анын айтымында, өлкөнүн биринчи телевидениеси анын турмушунда баа жеткис роль ойноп, ал жерге арнаган жаштык кези үчүн эч качан өкүнбөйт.

Гүлүм Жапаркулова

© Sputnik / Асель АкматалиеваОтличник КТРК, художник-постановщик Гулум Жапаркулова
Отличник КТРК, художник-постановщик Гулум Жапаркулова - Sputnik Кыргызстан
Отличник КТРК, художник-постановщик Гулум Жапаркулова
Жапаркулова: чыгармачыл адамдын мээси бош болбойт

Сүрөтчү-коюучу Гүлүм Жапаркулова жашоосунун 30 жылын телевидениеге арнагандыгын сыймыктануу менен айтат. Ал чыгармачыл адамдын мээси бош болбой тургандыгын, телевидение кызматкерлери бир көрсөтүүнү даярдап бүтөрү менен кийинки эфирин ойлой баштагандыгын баса белгилейт. Гүлүм эже пенсияга чыгып баратканда эми эмне жөнүндө ойлоном деп тынчсыздангандыгын дагы айткан жайы бар.

Ырыс Айманбетова

© Sputnik / Асель АкматалиеваРежиссер КТРК, отличник культуры Ырыс Айманбетова
Режиссер КТРК, отличник культуры Ырыс Айманбетова - Sputnik Кыргызстан
Режиссер КТРК, отличник культуры Ырыс Айманбетова
Айманбетова: режиссёр — чоң кемени башкарган капитан

Маданияттын мыкты кызматкери, режиссер Ырыс Айманбетова телевидениеге конкурстук система аркылуу келип иштей баштаган. Ал режиссёрлук кесипти чоң кемени башкарган капитанга салыштырып жүрөт. Сценарий менен таанышып, кимге кандай команда бериш керектигин иштеп чыгат. Бир эле көрсөтүүдө жок эле дегенде 40тай адам иштейт дейт каарманыбыз.

Илим Карыпбеков

© Sputnik / Табылды КадырбековГенеральный директор КТРК Илим Карыпбеков
Генеральный директор КТРК Илим Карыпбеков - Sputnik Кыргызстан
Генеральный директор КТРК Илим Карыпбеков
Карыпбеков: мени сынагандарга бардык жагынан көз карашым түз

Коомдук телерадиокорпорациясынын 60 жылдык мааракесинин урматына Sputnik Кыргызстан радиосу уюштурган атайын уктурууларынын алкагында КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков менен дагы баарлашып, оюн угуп, аны жалпы элге жеткирүүгө аракет кылдык. Белгилей кетсек, Карыпбеков жалпы жонунан КТРКнын 23-башкы директору экен. Ал 2019-жылдын 19-мартында башкы директорлук мөөнөтү аяктарын, эгер ага чейин кызматын тапшырууга туура келбесе, эгемендүү Кыргызстандагы КТРКнын мөөнөтүнүн аягына чейин иштеген алгачкы жетекчиси болуп каларын жана өзү жетектеген төрт жыл аралыгында коомдук телевидениеде болушунча ачык иштөөгө аракет кылгандыгын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0