Токмок: 17 миң евро, сызга отурган 28 киши, алдамчы аял

© AFP / MIGUEL MEDINAЕвро купюралары. Архив
Евро купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аял киши түйүндүк соода маркетингин мыйзамсыз түзүп алып элди алдаган деп айтылат.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Токмокто аял киши өзүнүн таанышын ири суммадагы акчага отургузуп кетти деп шектелип, андан сырткары, мындай дагы 28 фактыга тиешеси бар экендиги айтылууда. Бул туурасында Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Буга чейин Токмокто Б.Н. аттуу 39 жаштагы аял кармалып, таанышын түйүндүк соода маркетинги менен алдап, 17 миң евросун алып койгону маалымдалган.

"Биринчилерден болуп милицияга Токмок шаарынын 51 жаштагы тургуну кайрылып, 17 миң евросун алып кеткен чала тааныш аялга чара көрүүнү суранган. Каражатты алып, түйүндүк соодага аны каттагандан кийин аял жок болуп кеткендигин айткан", — деп айтылат маалыматта.

Кылмыш кодексинин 166-беренесинин негизинде ("Алдамчылык") иш козголгон. Тартип коргоочулар шектелип жаткан аялдын бул сыяктуу дагы 28 кылмышка тиешеси бар экенин тактап чыккан.

Облустук милициядан иш сотко өтө тургандыгын кабарлашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0