Министрлик президенттин майыптарга бөлгөн 2,5 млн. сомун кандай бөлүштүрдү

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүМайып бала. Архив
Майып бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчынын каражаты өлкөдөгү 10 социалдык стационардык мекемеге бөлүштүрүлдү.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбековдун майыптарга бөлгөн 2,5 миллион сому 10 социалдык стационардык мекемеге берилди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, ал каражат төмөнкү жайларга багытталган:

— Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (ДМЧА) жана улгайгандар турчу Төмөнкү-Серафимовка интернат-үйү;

— Жайыл районундагы психикалык жактан жабыркаган аялдардын социалдык мекемеси;

— Ак-Суу районундагы психикалык жактан жабыркаган аялдардын социалдык мекемеси;

— Токмок районундагы психикалык жактан жабыркаган эркектердин №1 социалдык мекемеси;

— Токмок районундагы психикалык жактан жабыркаган эркектердин №2 социалдык мекемеси;

— Кадамжай районундагы психикалык жактан жабыркаган аял-эркектердин социалдык мекемеси;

— Покровка районундагы психикалык жактан жабыркаган аял-эркектердин социалдык мекемеси;

— Беловодск районундагы психикалык жактан жабыркаган балдардын социалдык мекемеси;

— Жалал-Абаддагы психикалык жактан жабыркаган балдардын социалдык мекемеси;

— Сокулук районундагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдардын реабилитациялык борбору.

"Аталган социалдык мекемелердин жетекчилери бөлүнгөн каражатка керебет, шкаф, отургуч, стол, диван, ашкана эмеректерин жана терезе парда алышат", — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 3-декабрь майыптар күнүнө карата президент Жээнбеков резервдик фондусунан Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигине 2,5 миллион сомдон, жалпы 5 миллион сом бөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0