Чет өлкөдөгү жайдары сүрөттөр! Пара менен кармалган Жусубалиев тууралуу 6 факты

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПара менен кармалган транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев
Пара менен кармалган транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пара менен кармалган Азимкан Жусубалиевдин социалдык тармактагы баракчасынан чет өлкөдө жүргөн бир топ сүрөттөрүн көрүүгө болот. Аны тааныгандар бир үй-бүлөнүн жалгыз уулу болгонун, атасы да көп жыл мамлекеттик кызматтарда иштегенин айтышат.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы транспорт жана жолдор министринин орун басарын 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармады. Ал чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар пара алууга макулдашканы, буга чейин анын 120 миң долларын алганы айтылат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги коррупцияга шектелген аткаминер тууралуу фактыларды даярдады.

Аткаминердин жалгыз уулу

Опубликовано видео задержания замминистра со взяткой в $ 50 тыс - Sputnik Кыргызстан
Арак ичүү жана соодалашуу. Министрдин орун басарын колго түшүргөн видео
Азимкан Жусубалиев 1965-жылы Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган. Ачык булактарда ал бир үй-бүлөнүн жалгыз уулу экени айтылат. Атасы Ильяс Жусубалиев 78 жашта, ал да көп жылдар бою мамлекеттик кызматтарда иштеген.

Алсак, компартиянын Ош облустук аткаруу комитетинин инструктору, компартиянын Алай райондук аткаруу комитетинин экинчи катчысы, компартиянын Ош шаардык аткаруу комитетинин катчысы болгон. Соцфонддун түштүктөгү аймактар аралык кеңешинин, Ош шаардык согуш, эмгек, куралдуу күчтөр органдарынын ардагерлер кеңешинин төрагасы. Мамлекеттин өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн персоналдык пенсионер болгон. Кызыл-Кыя шаары жана Алай районунун ардактуу атуулу.

Чет өлкөдө түшкөн сүрөттөрү жана балдары

Facebook жана "Одноклассники" тармактарында Азимкан Жусубалиев деп катталган баракчаларды таба алдык. Ал жакка өзүнүн достору менен чогуу түшкөн, ар кайсы жерде көңүл ачып жана чет өлкөдө жүргөн сүрөттөрүн көрүүгө болот. Мындан сырткары, "Уулум Данияр Флоридада", "Кызым Нурсулуу" (чет өлкөдөгү сүрөтү), "Ортончу уулум аскерде ант берип жатат", "Кызым Диана" деп жазып балдарынын сүрөттөрүн жайгаштырган. Андагы маалыматтарга таянсак, ал эки уул, эки кыздын атасы. Ошондой эле Эстониянын борбору Таллин, Кытай, Индия, Мюнхен жана Альп тоолорунда жүргөнүн белгилеп жазган. Сүрөттөрдүн көбүндө музейдин ичинде, түрдүү экспонаттардын жанында түшкөн. Белгилей кетсек, Facebook баракчасына акыркы жолу 2016-жылдын апрель айында сүрөт жүктөгөн.

Мамлекеттик кызматта 31 жыл

Азимкан Жусубалиев 1987-жылдан тарта мамлекеттик кызматтарда иштеп келген. Транспорт тармагында 17 жыл, экономика жаатында төрт жыл жетекчилик кызматтарды аркалаган. Эки жыл КР президентинин администрациясында иштесе, төрт жыл өкмөттүн аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадр кызматы бөлүм башчысы болгон. 2016-жылдын 14-февралында транспорт министринин орун басары болуп дайындалган.

Бир бөлмөлүү батири бар, жеке унаасы жок

Аткаминердин 2017-жылдагы декларациясы жарыялана элек. Ал эми 2015-2016-жылдары өкмөттүн аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадр кызматы бѳлүмүн жетектеп турганда төмөндөгүдөй байлыгын көрсөткөн:

2015-жылы негизги жумушунан 669 375 сом иштеп тапкан. 45 чарчы метрлик батирге (болжол менен бир бөлмөлүү) ээлик кылат. Унаасын сатуудан 380 000 сом киреше түшкөн. 2016-жылы негизги ишинен 709 167 сом, мындан сырткары, жарандык-укуктук келишимдер боюнча 390 000 сом тапкан. Мурунку эле батирин көрсөткөн, унаасы жок.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевАзимкан Жусубалиев 2017-жылдын 12-октябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковго Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы ички жолдордун курулушу тууралуу маалымат берген.
Премьер-министр Сапар Исаков ознакомился с ходом строительства внутренних дорог в селе Боконбаево Тонского района - Sputnik Кыргызстан
Азимкан Жусубалиев 2017-жылдын 12-октябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковго Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы ички жолдордун курулушу тууралуу маалымат берген.

Колго кишен салдырган тендер

Азимкан Жусубалиев 2017-жылдын Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолунун Жумгал районундагы бөлүгүнө (69,7 чакырым) жол куруу боюнча өткөрүлгөн тендердик комиссиянын төрагасы болгон.

Чөнтөккө акча салып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министрдин орун басары кайсы тендер үчүн пара алган? Чоо-жайы
Ага 17 компания табыштама жиберип, анын ичинен 11 компания тиешелүү талаптарга жооп бербегендиктен тендерге катышуусуна уруксат берилген эмес. Ошентип калган алты компания ат салышат. Натыйжада 40 миллион 751 миң доллар сунуштаган италиялык Todini Costruzioni Generali Company ишканасы тендерден утуп алган. Аны менен ушул жылдын 7-сентябрында келишим түзүлгөн. Арадан үч ай өткөндөн кийин Жусубалив ошол тендерде бир компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар пара алууга макулдашкан деп кармалып отурат.

Жетекчиси кандай сыпаттады

Кармалган аткаминер Транспорт министрлигинин автомобилдик жана темир жолдор тармагын тейлечү. Жетекчиси Жамшитбек Калилов ал кагазга тың болгону менен мүнөзү жумшак экенин, ошонун айынан көп эскертүү алганын белгилейт.

"Жакшы иштечү, мага өкмөттөн келген. Жумушуна так эле болчу. Ар адамдын кемчилиги болот да, анын бир аз жумшактыгы бар эле. Аппараттык жыйындарда көп эскертүү алчу. "Оңдо, кара" деп айтчумун. Ушул дүйшөмбү күнү эле көп жерлерди түзүк эптей албай жатасыңар дегем", — деп сыпаттады Калилов.

Ошондой эле ал орун басарынын кармалышына айран-таң болуп отурганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0