7 күн эс алабыз. Жаңы жылдагы майрам күндөрүнүн тизмеси

Жазылуу
Министрликтен бул долбоор өкмөттүн сайтына коомчулуктун талкуулоосу үчүн жайгаштырылгандыгын кабарлашты.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызстандыктар Жаңы жыл майрамына карата жети күн эс алат. Бул сунуш туурасында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты.

Анда жылдын жаңырышына карата 30-31-декабрь (2018-жыл) жана 1-2-январь (2019-жыл) майрамдык, иш күн болбой тургандыгы айтылган.

"2019-жылдагы эс алуу күндөрүн өзгөртүү боюнча" деп аталган министрликтин токтомунда 1, 2, 3, 4, 5, 6 жана 7-январда, андан сырткары 9, 10, 11 жана 12-майда эс алуу сунушталган.

Эс алуу күнү 25-февраль (23-февраль майрам болгондуктан) 2-январдагы иш күнгө жылат;

8-апрель эс алуу күнү (7-апрель эс алуу күн болгондуктан) 3-январдагы иш күнгө өтөт;

2-сентябрь эс алуу күнү (31-август эс алуу күн болгондуктан) 4-январдагы иш күнгө жылат;

6-май эс алуу күнү (5-май күнү эс алуу болгондуктан) 10-майдагы иш күнгө жылат.

Министрликтен бул долбоор өкмөттүн сайтына коомчулук талкуулоосу үчүн жайгаштырылгандыгын кабарлашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0