Өспүрүмгө репродуктивдүү саламаттык жөнүндө кантип түшүндүрөбүз? Эки ыкма

© Фото / Pexels/ freestocks.orgКош бойлуу аял. Архив
Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаштарга бала кезинен эле репродуктивдүү саламаттык тууралуу маалымат берүүнү туура көргөн мамлекеттерде эки ыкма колдонулат.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Өспүрүмдөргө репродуктивдүү ден соолук тууралуу туура түшүндүрүүнүн кандай жол-жоболору бар экенин Sputnik Казакстан агенттигине БУУнун UNFPA калкты жайгаштыруу фондусунун аткаруучу өкүлү Раимбек Сисемалиев айтып берди.

Детский гинеколог Диля Боромбаева - Sputnik Кыргызстан
3-4 жаштагы кыздар кансырап келет. Балдар гинекологу Боромбаева менен маек
Анын маалыматына караганда, жаштарга бала кезинен эле репродуктивдүү саламаттык тууралуу маалымат берүүнү туура көргөн мамлекеттерде эки ыкма колдонулат.

Биринчи кадам — атайын дал ушул багыттагы жаңы сабак киргизүүнүн зарылдыгы жок. Андан көрө азыр берилип жаткан валеология, биология сыяктуу сабактардын программасына кошумча маалымат киргизүү.

"Экинчиден, бул тема боюнча окуучу айрым учурда мугалимге ачылып, өзүнө керектүү маалыматтарды толугу менен сурабай коюшу мүмкүн. Андыктан, репродуктивдүү ден соолук боюнча атайын даярдыктан өткөн жаштар аларга жардамга келе алат. Булар мектеп окуучуларынан бир аз гана улуу кыздар-балдар болгондуктан, өспүрүмдөр аларга ишенет жана ээн-эркин сүйлөшө алат", — деди адис.

Ошондой эле ал бул ыкмалар пилоттук негизде Казакстандын айрым региондорунда колдонула баштаганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0