Аалым Кадыр Маликов Чүй имамдарына кантип иштөө керектигин айтып берди

Жазылуу
Маликов Чүй облусунун Панфилов, Жайыл, Москва райондорун кыдырды

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Аалымдар кеңешинин мүчөсү Кадыр Маликов Чүй облусунун жашоочулары менен жолугуп, алардын сунуштарын жазып алууда. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сапарынын алкагында Маликов Панфилов жана Жайыл райондорунун имамдары менен да сүйлөшкөн.

"Дин кызматкерлери менен болгон жолугушууда Маликов диний абал жана терс агымдарга каршы туруу, эл ичинде түшүндүрүү жана агартуу иштерин жүргүзүү маселесин көтөрүп, бул жаатта имамдар укук коргоо кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуусу керек экендигин билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, андан сырткары, Москва районунун Александровка айылындагы "Имам Азам" борбордук мечитинде эл менен жолугуп, суроолоруна жооп берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0