Бишкектин бир катар аймактары жарыксыз калат. Тизме

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүСвеча
Свеча - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электр жарыгын өчүрүү - трансформатордук подстанциялардын иштешин текшерип, кемчиликтердин алдын алуу максатында болорун айтышты.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Эртең, 4-декабрда, Бишкектин бир катар аймактарында жарык жок болот. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

09.00-18.00 — Дордой, Көк-Жар (Молдокулов, Шапак, Босого көчөлөрү) конуштары;

00.30-05.00 — Төкөлдөш (Менделеев көчөсү) конушу;

09.00-19.00 — Бакай-Ата конушу;

09.30-13.00 — Туңгуч кичирайонундагы №1-4, 12, 15, 17, 19 үйлөр;

12.00-15.00 — 12-кичирайондогу №2-6, 12, 13 үйлөр, Каралаев көчөсүнүн бир бөлүгү;

09.00-17.00 — "Чыгыш-5" кичирайонундагы №12/2 үй;

13.00-16.00 — 11-кичирайондогу №9-14 үйлөр;

14.00-17.00 — 11-кичирайондогу №4-6, 7А үйлөр;

09.30-18.00 — Түлөбердиев, Можайский, Тоголок Молдо, Чодронов көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Жол туюк көчөсү;

09.30-18.00 — Токтогул, Тыныстанов көчөлөрүнүн бир бөлүгү;

13.00-16.00 — Ала-Тоо-2 конушу.

Жаңылыктар түрмөгү
0