Мэр Суракматов Бишкекти каптаган кара түтүн боюнча үн катты

Жазылуу
Чогулушта борбор калаадагы абанын булганышы боюнча маселе талкууга алынды.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бишкек мэри Азиз Суракматов абаны булгап жаткан унаалар тууралуу сөз болуп жаткан кезде автолорду техникалык кароодон өткөрүү маселесин кароодон пайда жок экенин билдирди.

Мэрияда жума сайын өткөрүлчү чогулушта Бишкектеги кара түтүн менен абанын булганышы талкууланды.

Жыйын учурунда вице-мэр Максим Ситников кара түтүн көйгөйүн чечүү үчүн автолорго техникалык кароо жүргүзүү керектигин айтты. Бирок мэр андан майнап чыкпай турганын белгиледи.

"Ушуну бекер эле айттыңыз. Техникалык кароодон пайда жок. Андан көрө шаарда фильтр менен катализатору жок жүргөн унааларды аныкташ керек. Өзгөчө дизель менен жүргөндөргө тийиштүү. Эгер табылса, катализатор орнотууга жөнөтүү керек", — деди мэр.

Врач Уулкан Мадиева - Sputnik Кыргызстан
Радио
Мадиева: эски унааларды сатууга тыюу салынбаса, шаарды түтүн каптай берет
Бишкек ЖКККББдин өкүлү катализаторлор 1,5-2 миң доллар турарын айтты. Ал эми Суракматов 200-300 долларлык катализаторлор деле бар экенин укканын белгиледи.

Биринчи май районунун аким орун басары Мавлян Аскарбеков катализаторлор унаалардан атайын алып салынарын жана айдоочулар анын жоктугун билбей калышы мүмкүндүгүн билдирип, унааларды газга өткөрүүнү сунуштады. Мэр болсо дизель менен жүргөн унааларды газга өткөрүү мүмкүн эместигин белгилеп, өз оюнан кайткан жок.

Шаар башчысы ошондой эле бардык райондук акимиаттарда жумушчу топ түзүлүп, катализатор маселеси боюнча рейд жүргүзүлсүн деп тапшырма берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0