КР жарандары канча өлкөгө визасыз бара алат? Паспорт рейтинги

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргыз Респуликасынын жарандык паспорту. Архив
Кыргыз Респуликасынын жарандык паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анализ БУУнун тизмесиндеги 193 өлкө боюнча жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызстандын жарандарынын паспорту дүйнөдөгү эң таасирдүү документтердин рейтингинде 68-орунда турат. Бул туурасында Passport Index сайтында маалымдалат.

Горы Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан 2019-жылы саякаттоого эң мыкты 10 өлкөнүн катарына кирди
Аталган рейтинг паспорт ээлери визасыз чыгып жана баргандан кийин виза ала турган өлкөлөрдүн санына карап түзүлгөн. Упайлардын өйдө-төмөн болушу канча мамлекет менен визасыз режим түзүлгөнүнөн көз каранды. Мындай анализ БУУнун тизмесиндеги 193 өлкө боюнча жүргүзүлгөн.

Андагы маалыматка таянсак, кыргыз паспортунун ээлери 28 өлкөгө визасыз чыга алат жана 40 мамлекетке баргандан кийин виза ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул Кыргызстан дүйнөнүн 68 өлкө менен визасыз келишим түзгөн дегенди түшүндүрөт.

Ал эми дүйнөдөгү эң таасирдүү паспорт Бириккен Араб Эмирлигинин жарандарыныкы. Бул документтин ээлери 167 өлкөдө визасыз жана баргандан кийин виза ачып жүрө алат.

Виды города Белград - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар Европанын дагы бир өлкөсүнө визасыз бара алат
Экинчи сапка Сингапур менен Германия чыккан. Бул өлкөлөрдүн жарандары 166 мамлекетке виза албай бара алат. Үчүнчү орунда Дания, Швеция, Финляндия, Люксембург, Франция, Италия, Нидерланддар, Испания, Норвегия, Түштүк Корея жана АКШ турат. Анын жарандары 165 мамлекетке көйгөйсүз чыга алат.

Ал эми коңшу мамлекеттерден Казакстан 53-орунда турат. Алардын визасыз режим менен 80 өлкөгө чыгуу келишими бар. Өзбекстан болсо 63-сапта, андан бир сап төмөндө (62-орунда) Тажикстан турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0