Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүү боюнча декада башталды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевCовещание по вопросу обеспечения общественного порядка и безопасности граждан в стране
Cовещание по вопросу обеспечения общественного порядка и безопасности граждан в стране - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын максаты — калктын юридикалык сабаттуулугун жогорулатуу, сот акыйкаттуулугуна жетүү.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Өлкө аймагында укуктук жардам көрсөткөн декада өз ишин баштады. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.

Жаңы конуш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек менен Оштогу басып алынган жерлерди мыйзамдаштыруу сунушталды
Маалыматка ылайык, жыл сайын өтүп келген саамалык 3-декабрдан 10-декабрга чейин уланат. Анын алкагында министрликтин аймактагы башкармалык, бөлүмдөрү, ЖОЖдордун юридикалык клиникалары жана коомдук уюмдар жарандарга акысыз укуктук кеп-кеңеш берет.

Андан сырткары, жогорку окуу жайларда атайын лекциялар уюштурулат. Иш-чаранын максаты — калктын юридикалык сабаттуулугун жогорулатуу, сот акыйкаттуулугуна жетүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0