Атасынын арагынан балдар көчөгө чыга албай калды. Ичкилик менен алышкан бүлө

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүПитейные заведения Москвы
Питейные заведения Москвы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында ичкиликке берилген күйөөдөн тажаган аялдын жашоосу баяндалат.

Арак ичкен адамдын өзү эле эмес, үй-бүлөсү да оорулуу болуп калат деген сөз чын окшойт. Бир же эки күн болсо мейли, жумалап жатып алып ичкен эркекти эмне кылса болот. Ажырашайын дейм, бирок балдарчы… Көптөн бери бир чечимге келе албай жатам, ошондуктан психологго кайрылып көрүүнү туура көрдүм.

Кол чатыр астында турган жуп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Экинчи аялым менен колунда бар үчүн жашап жүрөм... Ара жолдо калган эркек
Жетпеген жашоонун азабын жакшы эле тарттым. Күйөөм колунда бар эле үй-бүлөнүн баласы болгону менен жалкоо болуп чыкты. Бирок экөөбүз сүйлөшүп, сүйүшүп жүрүп үйлөнгөндүктөн "жалкоо экен" деп кетип кала алган жокмун. Кайын журтум менен башынан эле жылдызым келишкен эмес, ошондуктан өз күчүбүз менен бутка турдук. Балдар кичине чоңойгондо батирден-батирге көчкөн көкөйгө көк таштай тийип, күйөөмө балдарды таштап коюп Россияга барып иштеп келдим. Бир туугандарымдын баары ошол жакта соода кылчу. Ишим жүрүшүп, үч жылдан кийин Бишкектеги базарлардын биринен чакан бизнес ачтык, үй салдык, унаа алдык, айтор, жашоо жакшыра баштады. Бирок ал аралыкта менин канча ден соолугум кетти, балдарга энедей болуп тарбия бере алган жокмун. "Эми өзүбүз үчүн жашайлы" деп баштаганда күйөөмдүн азабын тарта баштадым. Көрсө, мен Россияда иштеп жүргөндө күйөөм аз-аздан арак ичип койчу экен. Анысы акырындык менен адатка айланып, азыр айламды кетирип жатат. Балдарыбыздын улуусу мектепти бүтүп, жогорку окуу жайда билим алууда. Күйөөм болсо эки ай жакшы жүрсө, үчүнчү айда мурду кычышып дүкөндөн чыкпай, көчөдө тентип калат. "Экинчи кайталанбайт, токтотом, кечирип койгулачы" деген сөздү адатка айлантып алды. Келин алып, кыз берсек "атасы жок" дедирбейин деп кечирип жашап жаткам, бирок акыркы күндөрү аны менен күрөшүүгө чыдамым, дарманым келбей калды.

Дарыгерге деле алып барып көрдүк, бирок жыйынтык жок. Балдарды алып басып кеткидей жаш келин эмесмин, кээде жиним келгенде үйгө киргизбей коем. Бирок суукта тоңуп калбасын деп корком, кечирип киргизем, кийимин тазалап кийинтип, элге билгизбейм… бирок баары кайра кайталанат. Тажап кеттим!

Балдарым да "элдин бетин кантип карайбыз, жок дегенде көчөгө чыкпай ичиңизчи" деп ыйлашат.

Кучакташып турган түгөй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көңүлдөш болуудан тажадым! Үй-бүлөлүү эркектин очогун бузгусу келген аял
Өткөн жолкусунда "дагы бир жолу кайталанса сот менен ажырашабыз, экинчи бизди көрбөгөндөй болосуң" деп туугандарын чакыртып талап койгом. Үч ай араң чыдады. Үч күн болду, үйгө келе элек, досторуна чалсам, "арак сурап келип кеткен" деп айтышты. Намысыман кирерге жер таппай калдым. Элден ал эмес, мен уялып бүттүм, күйөөң жакшы эмес болсо канча байлыгың болсо да өйдө карап эч кимге сүйлөй албайт экенсиң, балдарды да жер каратты. Мага окшоп ичкен күйөөнүн азабын тарткан аял көп болсо керек. Ичкен киши оңолобу деги? Балдар бойго жетип калганда же ажыраша албай, же жашай албай ара жолдо калдым.

Психолог Асель Сүйүнбаеванын жообу

Аялдардын көбү "бала" деп атып көп кыйынчылыкты, жоопкерчиликти мойнуна алып алат. Бизге кайрылган аял деле "балдарым бой жеткенде ажыраша албай" деп балдарына карап баарына чыдап жашап жатыптыр. Бирок ошол эле ичкен эркек балага кандай тарбия бере алат?

Энесинин ыйлап, кыйналып жүргөнүн көрүү балага да оңой эмес. "Ичпейм, токтотом" деген сөздү адатка айлантып алган эркек оңолбойт. Андайлар жубайынын жумшак экенин билип алган да, ошого жараша мамиле кылат. Аял кечиримдүү болуп жүрө берсе, арак менен алышып жатып өмүрү кантип өтүп кеткенин байкабай калат.

Взрыв у здания РОВД в Сунженском районе Чечни - Sputnik Кыргызстан
Кыздарым көзүмөн учат, бирок бара албайм. Мигрант келиндин каты
Чечкиндүү болуш керек. Кечирип жашай берсе күйөө деле ага көнүп алат да, арагын таштабайт. Эгер баарына чекит коюп басып кетсе, эркек "мен балдарыман, үй-бүлөмөн айрылып жалгыз калам" деп ойлоно баштайт. Эгер антип ойлонуп, тандоо кылбаса, анда ал эркектин эч кимге кереги жок.

Бала ичкен атадан кандай тарбия алып жатат, аны да ойлонуш керек. Ичимдикке берилген киши өзү өспөйт же балдарын өстүрбөйт, тескеринче, төбөдөн ылдый басат.

Бизге кайрылган аялга айтаарым чечкиндүү болуңуз, "таштап кетсем көчөдө калат" деп коркуп жатсаңыз керек. Эгер эркек жашоо үчүн күрөшө ала турган, алдыда максаты болуп үй-бүлө, аял, баланын баркын билсе, өз эрки менен өзү күрөшүп артыңардан келет. Эгер антип күрөшө албай алсыз болсо, анда мындай күйөөнүн эмне кереги бар? Өмүр бою анын азабын тартып өтөсүз.

Ичкен киши өз эрки менен өзү күрөшпөсө, ага үй-бүлөсү дагы, бала-чакасы, дарыгер дагы жардам бере албайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0