Жээнбеков Трампка көңүл айтты

Жазылуу
Буш 94 жашында дүйнө салды.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков АКШнын экс-жетекчиси Жорж Буштун улуусунун өлүмүнө байланыштуу өлкө башчысы Дональд Трампка көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, Буш 94 жашында дүйнө салды.

"Америка Кошмо Штаттарынын мурдагы президенти, дүйнөлүк масштабдагы чыгаан саясатчы жана дипломат Жордж Буштун улуусунун дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин атынан жана өз атымдан сизге, жалпы Америка элине, маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз", — деп жазылат Жээнбековдун телеграммасында.

Жорж Буштардын улуусу АКШны 1989-1993-жылдардын аралыгында башкарып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0