14:35 19 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR79.3952
  • RUB1.0462
Кошбойлуу аял. Архивдик сүрөт

Аялынын толгоосун күйөөсү тартып алган. Оштогу акушердин маеги

© AFP 2018 / GUILLAUME SOUVANT
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Гүлдана Талантбекова
3979 0 0

Гүлбара Ташиева 20 жылдык иш тажрыйбасында миңдеген кош бойлууну кабыл алып, көз жардырган. Окуу жайды бүткөндө Өзгөндө, бир жылдан кийин Ошто, андан соң Россияда сегиз жыл иштеген. Мекенине кайтып келгенден азыркыга чейин Ош шаардык төрөт үйүндө эмгектенет.

Ташиева айылдын, шаардын жана чет мамлекеттин медициналык абалы менен бейтаптардын айырмачылыгы тууралуу жакшы билет. Акушер-гинеколог менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы маек курду. 

Врач-акушер, гинеколог Гүлбара Ташиева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Гүлбара Ташиева Ош шаардык төрөт үйүнүн акушер-гинекологу болуп эмгектенет

— Дарыгерлик кесип өз каалооңузбу же кимдир бирөө түрткү болгонбу?

— Биздин убакта 8-классты бүтүп окууга тапшырууга уруксат болчу. Мен ошол убакта мактоо баракчасын алганым үчүн окуп ал дегендер болду. 14 жашымда Жалал-Абаддагы медициналык училищенин акушерлик бөлүмүнө өтүп кеттим. Эсимде, өндүрүштүк практикага барганда төрөп жаткан аялды көрүп эсим ооп жыгылгам. Төрөт андай болот деп такыр элестетпептирмин! Акушерлер мындай жерде кантип иштейт деп таң калгам. Окууну бүткөндө Өзгөндө иштедим. Жумуш абдан жагымдуу болду. Себеби мен жаңы төрөлгөн ымыркайларга көз салып иштечүмүн. Күнүнө 38 баланы карап, маалы менен энелерине таратып берээр элем. Бир жылдан кийин төрөтүү бөлүмүнө которулдум. Мурда коркуп жүрсөм, кийин аялдарды аман-эсен төрөткөнүмө сүйүнүп ишимди жактыра баштадым. Кийинки жылы билимимди жогорулатуу максатында Россиянын Томск шаарына кеттим. Ал жактан келгенде Өзгөн райондук ооруканасында дарыгер болуп иштеп жүрүп, анан Ошко которулдум. Бүгүнкү күнгө чейин Ош шаардык төрөт үйүндө эмгектенем.

— Биринчи төрөтүңүз кандай өттү?

— Андай учурлар эстен кетпесе керек. 1988-жыл, анда мен студент болчумун. Кеч кирип биздин улуу акушерлер эбак уйкуга кеткен. Аңгыча толготкон келинди алып келишти. Эжелерди ойготпоюн деп өзүм эле төрөтүн кабыл алып койгом. Уул төрөлгөн.

— Россиядагы ишиңиз эмнеси менен айырмалана алды?

— Ал жактын дарыгерлери убакыт-саатка, ишке абдан так келет. Азыр менде ошол сапат бар. Сегиз жыл иштеп бөлүнүп-жарылуу дегенди көрбөдүм. Кээде Кыргызстанды ичинен аймактарга бөлгөндөргө жаным кейийт. Бейтаптар оорунун алдын алганды билип, убагында медициналык кароодон өтүп турушат. Бирок орустар биздин менталитетке тең келе алышпайт. Кээде кесиптештерим ашын ичип бүтө электе идиш-аягын жууй калайын деп колдорунан ала калсам, кичи пейилдигиме таң беришчү. Улуу-кичүүнү сыйлап, урмат көрсөтүү биздин кан-жаныбызга сиңген адат эмеспи.

— Кыргызстанда ак халатчандар аз айлык ала турганы жашыруун эмес. Россияда жакшы төлөп беришчү беле?

— Россияда окуп да, иштеп да жүрүп ата-энеме акча салганга жетишчүмүн. Бай элем. Ал жактагылар айлыкты аз алам деп ойлошот. Бирок Кыргызстанга салыштырмалуу алда канча жакшы төлөнөт. Биздин дарыгерлерге айына 5-8 миң сомдон берип тилемчиге айлантып коюшкан. Анан жемкорлук кайдан чыгат? Өткөндө милициялар 17 миң айлыкты аз деп жатканын угуп таң калгам. Бизге андай акча берсе, күнү-түнү иштесек керек.

— Жеке оюмда кесип тандап жатканда келечеги менен бирге өзүмдү бага аламбы деген суроону да койсоң керек. Азыр медициналык академияны коюңуз, орто окуу жайын бүтүрүү асмандын башы, иштесе айлыгы 5 миң сом. Анан ак халатчан болом дегендер эмне мынча көп?

— Маселен, менин эжем баласына медик келин алып берем деп жүрөт. Көбү үйүндөгүлөрү ооруп калса каралашам деген максатта кесипти сүйсө керек. Мисалы, биология мугалимдеринин өмүр баяндарын сурай келсеңиз, убагында медицинага өтпөй калгандар болот. Менин кесибиме суктанып "аппак халат кийип, жылуу жерде отурасың" дегендер бар. Албетте, жумушубуздун ырахаты менен биргеликте оорчулугу да бар. 

Акушер-гинеколог Гулбара Ташиева с студентами
© Фото / фотостудия "Атабек"
Ташиева: ар бир аялды аман-эсен төрөтүп алсам, өзүм көз жаргандай болом.

— Ош менен Бишкектин ооруканасынын айырмасы эмнеде?

— Борборго семинар, тренингдер менен көп келем. Менимче, бишкектик бейтаптарда талап күчтүү. Ар биринин жеке дарыгери бар. Алгач сенин айтканыңды укпай өзүнүкү менен кеңешип көрөт. Ал эми региондогу абал түшүнүктүү болсо керек. Гинеколог дегенди төрөгөнү келгенде эле көрүшөт. "Дени сак эл" бирикмесинин мүчөсү катары аймактарды кыдырып, медициналык кароолорду өткөрүп, көп аялдын оорусун аныктап келебиз. Күтүүсүз жерден гинекологиялык оорулары, жатындагы шишиктери тууралуу уккандары болду. Ошондой эле Ош мамлекеттик университеттин медициналык факультетинин доцентимин. Жатаканага баш багып студенттердин ден соолугун текшерип турабыз. Айызы жарым жылдан бери келбей жатса жүрө берген кыздар бар экен. Баягы эле кеп, жылына бир-эки ирет көрүнүп тургула.

— Жайында таанышым төрөгөндөн кийин абалы начарлагандыктан өзүн башка ооруканага, баласын төрөтканага таштаганга туура келет. Барсак, "мен чалганда албай койдуңар, баламды акушерлер уурдап кетсе эмне болот" деп ыйлай берип соолуп калыптыр. Бул нерсе менен эмнени айткым келип жатат, айрым энелерде акушерлерге болгон ишеним жоголуптур…

— Дароо эле айтып коеюн, биздин төрөткана бала сатуу менен алектенбейт. Бирөөнүн чүрпөсүн уурдаганга кантип дити барат, билбейм. Кудай сактасын, андай ишти жүзөгө ашыруунун өзү кыйын. Азыр көбү өнөктөш менен төрөп калышкан. Мындан тышкары, акушердин жанында бир канча жардамчы болот. Ыплас иштерди жасайм дегендерди дарыгердин антынан аттагандар деп билем.

— Күйөөсү менен кошо төрөгөндөргө кандай көз караштасыз? Мисалы, мен киргизбейт элем, чочуп же жийиркенип калабы деп корком.

— Көбү жолдоштору бала жатындан чыгып жатканда кирет деп ойлошу ыктымал. Аял 24 сааттын ичинде көз жарат. Бул убакыт ичинде толготот, жатын моюнчасы ачылат, бала ары-бери жылат дегендей. Мындай кезде кош бойлууга көз салып, эркелетип, ажатканага алып барып, кааласа денесин укалап берип кам көргөн кишиси болушу керек. Азыркы жаштардын "алтыным, жаным" деп жалынганын көрүп ичим жылыйт. Советтер Союзундагы адамдар токтоо да. Акушерлерде иш көп, бирин караса, экинчисине жетишпейт. Негизи күйөөлөр бала чыгып жатканда сыртка чыгып кетишет.

— Көп баланы жарыкка алып келип жүргөндөн кийин төрөттү майда-чүйдөсүнө чейин билип калдыңыз да. Сурайын дегеним, өзүңүз көз жарганда кооптонуулар болгон жокпу?

— Эки баламды 28-30 жашымда жарыкка алып келгем. Бирөөсү жамбашы менен келип калгандыктан гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасагам. Кудай сактасын деп тилендим. Ар кайсы аялдын окуясы эсиңе келет экен. Негизи ар бир аялды аман-эсен төрөтүп алсам, өзүм көз жаргандай болом.

— Иш учурдагы "керемет" окуялардан айтып берсеңиз?

— Ошко жаңы которулуп келгенде мага жалаң эгиздер келе берчү. Мени менен кезекке тургандар "эми дагы эгиздер түшөт турбайбы" деп калышчу. Эгиздер жатындан тез чыкканы менен мындан ары жашап кете алабы деп коркосуң. Бир ирет балдардын бири чыга албай жатканда колумду салып туруп алып чыккам. Мындай ыкманы теория жүзүндө эле билип жүрүп ишке ашырганыма сүйүндүм.

Дагы бир жагымдуу учур тууралуу айтып берсем. Жаңы иштеп жүргөн кезим. Кабыл алуучу бөлмөдө кагаз толтуруп жатсам, кош бойлуу келин терезени тыкылдатып "бол эле, бол" деп кол булгалайт. Күтө турса болот деген ой менен беймарал ага бейтаптын баянын ачып отурдум. Мен ошентип кыймылдагыча ал төрөп коюптур. Жетекчиликтен уруш жеп, сөгүш алдым. Бир четинен толгоосу жок кыйналбай төрөп койгонуна таң калдым. Келин төрөтканадан чыккыча артынан жүрдүм. Барсам мени карабай койдуң деп таарынды. Анан эле бир күнү мага шумдуктуудай сырын ачып жатпайбы. Көрсө, анын толгоосун күйөөсү тартат экен. Биринчи баласын үйүндө, экинчисин билбей көчөдө кетип баратып төрөп коюптур. Ал эми мага келип терезеден бол деп шаштырып жатканда эшикте турган күйөөсү өзүн жаман сезип жаткан экен. Таң калып, ушундай кантип болсун десем, "күйөөмдү аттап койгом" деп күлүп коет. Бул, албетте, илимде такталбаган нерсе.

Баланын пайда болушунун өзү керемет кубулуш. Эркектеги урук клеткасы аялдыкына кошулуп, кичинекей нерседен түйүлдүк өсүп отуруп бала жаралып жатпайбы. 

Акушер-гинеколог Гулбара Ташиева
© Фото / фотостудия "Атабек"
Гүлбара Ташиева: "Дени сак эл" бирикмесинин мүчөсү катары аймактарды кыдырып, медициналык кароолорду өткөрүп, көп аялдын оорусун аныктап келебиз

— Дарыгерлер жакшы көз ирмемден мурда трагедиялар көп эсте калат дешет. Маселен, эне-баланын каза болушу, түйүлдүктүн өлүү түшүшү…

— Жагымсыз окуялар эсте кала турганы чындык. 21 жаштагы кош бойлуу келин ичиндеги түйүлдүгү кыймылдабай калганча доктурга көрүнбөй жүрө берген. Бизге келгенде түйүлдүк өлүп, жатынга кан сиңип калган. Келинди тирүү алып калганыбыз менен жатынды алып салууга туура келди.

Аялдын төрөт учурундагы өлүмү жеке өзүмдө болгон эмес. Каза болгондорго эксперт катары рецензия жазып жүрөм. Көбү кансыроодон жан берет. Ошон үчүн кош бойлуу кезде медициналык каттоого туруп, илдеттердин алдын алуу керек. Каражатын аяшат, убакыт таппай жүрө беришет же түндө ооруп калганда таңды күтүп жата беришет.

Маселен, жети айлык боюнда бар келин ичи ооруса, вазелин сүйкөп жата берген. Бизге таңкы төрттөрдө келди. Керектүү жардам бергенибиз менен баласы өлүү төрөлүп калды. Туугандары дарыгерлерди "атайын кылдыңар" деп тилдеп, уруп ийгенге чейин барышты. Жагымсыз окуяларга кептелгенде ишти таштап ийгиң келет. Анан дагы сүйүнчү берип коюп жаманатты кылгандар бар. Биз эч кимден тыйын сурабайбыз. Сүйүнчү берүү — жөрөлгө.

— Өзүңүз эмгектенген Ош шаардык төрөт үйүнүн эмнесин өзгөрткүңүз келет?

— Азыр ара төрөлгөн балдар көбөйүүдө. Аймактарда оор абалда төрөлө турчулардын бардыгы шаарга келип патология бөлүмүнө жатышат. Кээде керебет жок калганда матрас салып берип жаткызганга туура келет. Бир жолу эркек киши ачууланып "мен милицияда иштейм, эмнеге менин аялым жерде жатат" деп чуу чыгарган. Өлкөдө төрөткана, перинаталдык борборлор, деги эле медициналык жайлар көп салынса болмок.

Тема боюнча

Аялзатын бүк түшүргөн гинекологиялык 10 илдет
Жанына киши тура албай калат... Наристе гана ооруй турган 8 дарт
Аялдардын согончогу эмне үчүн канабайт? 6 себеп
Белгилер:
төрөт, гинеколог, акушер, дарыгер, Ош, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ