"Манас" аба майданында абал кандай? Аэропорттун жообу

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүЗадержки авиарейсов в московских аэропортах
Задержки авиарейсов в московских аэропортах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бурганактаган кардан улам "Манас" кечээ саат 21.00дө ишин убактылуу токтоткон.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Аэропорт түнкү саат 24.00дө ишин жандантып, ушул тапта бардык каттамдар өз учурунда аткарылып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине  мекеменин диспетчердик бөлүмү билдирди.

Эске салсак, кечээ, 30-ноябрда, Бишкекте жана анын айланасында бурганактаган кар жаап, аба майдандын иши саат 21.00дө убактылуу токтотулган

"Ушул тапта "Манас" аэропортуна учактар эч тоскоолдуксуз учуп-конуп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле учуп-конуу тилкелери кардан толугу менен тазаланганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0