Бишкекте "Манас" эпосу тууралуу китептердин көргөзмөсү өтөт

© Фото / пресс-служба НАН КР Выпуск новых книг эпоса "Манас"
Выпуск новых книг эпоса Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көргөзмөгө Манаска, Семетейге жана Сейтекке байланыштуу 1940-жылдан бери жарык көргөн 110 китеп коюлат.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. 3-декабрь күнү Бишкек шаарында "Манас — дүйнөлүк маданияттын улуу мурасы" аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруп жаткан Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканадан билдиришти.

Энциклопедия о великом писателе Чингизе Айтматове - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Катардагы эл аралык китеп көргөзмөсүнө катышат
Көргөзмөгө Манаска, Семетейге жана Сейтекке байланыштуу 1940-жылдан бери жарык көргөн 110 китеп жайгаштырылат. Ошондой эле эпостун кара сөз менен жазган көптөгөн авторлордун эмгектерин, чет тилдерге которулуп жарык көргөн китептерди да көрүүгө болот.

Көргөзмөнү ачуу иш-чарасына жазуучулар, окумуштуулар, манас таануучулар, манасчылар, студенттер жана ЖМК өкүлдөрү катышмакчы.

Эске салсак, "Манас" эпосунун библиографиялык башаты 1849-жылдан башталып, ушул кезге чейин 3 миңден ашык аталыштагы ар түркүн басылмаларды, макалаларды жана изилдөөлөрдү камтыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0