Кепич көтөргөн эне, баткак кечкен окуучу. Бишкектин четиндеги видео

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСуперфинал всероссийского чемпионата "Гонки Героев"
Суперфинал всероссийского чемпионата Гонки Героев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектеги жаңы конуш жашоочуларынын аялдамага чейин баткак кечип келип, коомдук транспортко түшөр алдында башка бут кийим алмаштырып кийүүгө аргасыз болгон учурлары арбын. Интернет айдыңына жакында эле ушундай видео тарады.

БИШКЕК, 30-ноя. – Sputnik. Тасмада аялдын маршруттук таксилер токтогон аялдамадан кичинекей кыздын баткак болуп калган кепичин чечип, мектепке таза бут кийим менен жөнөтүп жаткан видеосу тартылган.

Аны Facebook тармагына жайгаштырган автор Кумар Эргешова аны кайдан тарткандыгын кошо жазган.

"Адилет, Ак бата конушундагы аң-сезимдүү ата-энелер балдарын көлөч, резинка өтүк кийгизип, чоң жолго узатып келип, ылайга баткан бут кийимин таза бут кийимге алмаштырып беришет", — деп билдирген постунда.

Автор менен байланышканыбызда бул Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу аймактар экендигин айтты.

"Кечээ биз маршруттун конечныйында акция өткөрдүк. Ошондо кээ бир ата-энелер, окуучу балдар көлөч менен асфальтка чейин келип, бут кийимин которуп кийишкенин байкадым ", — деп жазган ал.

Эргешова Адилетти (жаңы конуш – ред.) көздөй барчулар да эрикпей, бутуна бахила же көлөчүн кайра кийишерин кошумчалады.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттиги жаңы конуштарда баткакка баткан сулуулардын көз талдырган сүрөтүн жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0