Момбеков: "Коопсуз шаар" долбоорунда мафиялык мандем бар

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Рыскелди Момбеков
Депутат ЖК Рыскелди Момбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууда толгон-токой коррупциялык иштер бар экенине токтолду.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков "Коопсуз шаар" долбоору эмнеге ишке ашпай калганын Зарылбек Рысалиев менен Иса Өмүркуловдон сураса көп нерсе айтып бере турганын парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Момбеков мындай пикирин ар кандай маселелер каралып жаткан учурда айтты.

"Коопсуз шаар" долбору эмнеге ишке ашпай калган деп биринчи жок дегенде сурап койбойсуңарбы. Кайсы вице-премьер кимден эмне сураганын генерал Зарылбек Рысалиевден сурагыла, айтып берет. Англичандар 10 миллион долларга ишке беребиз дегенин Иса Шейшенкуловичтен сурагыла. "Кыргызтелекомдун" мурдагы башчысы Нурдин Мадеминовдон "эмне үчүн сен "Коопсуз шаарды" Жогорку Кеңеште 10 миллион долларга "Кыргызтелекомдун" базасында ишке ашырам дедиң" деп сурагыла", — деди ал.

Эл өкүлү өз сөзүндө бул долбоор ары кооптуу, ары жооптуу маселе экенин белгиледи.

Рабочее совещание по вопросу реализации Безопасный город - Sputnik Кыргызстан
"Коопсуз шаардын" маалыматтары "Инфоком" менен "Транскомдун" серверинде сакталат
"Бүгүнкү күндөгү өкмөт жолдоп, кээ бир менин кесиптештерим колдоп келе жаткан "Коопсуз шаар" — өтө кооптуу долбоор. Бул безопасный эмес, опасный проект. Бул жерде документтерди карай турган болсок, мафиялык мандем, коррупциялык тандем бар. Ал үчүн эксперт жалдаштын деле кереги жок. Булар "Коопсуз шаарды" ушунчалык мыйзам бузуу менен алып келе жатат. Соттун чечими күчүнө кире электе булар келишимди күчүнө киргизип койду. Бюджет Жогору Кеңешке келе элек, булар 2019-жылдын бюджетине 260 миллион сомду киргизип койду. Анысы аз келгенсип, атыла элек аюунун терисин бөлүштүргөнсүп айып пулдардын 30 пайызын мэрия, ИИМ 20, УКМК 5 пайызын алат деп алышыптыр. Бул кандай? Муну кандай түшүнөбүз?" — деп суроо салды депутат.

Момбеков бул долбоордогу бир комплекстин баасы бир жылда эле 100 миң долларга кымбаттап кеткенин айтты.

"Азыр 35 миллион долларга киргизип жатасыңар. Мурда 85 миллионго каршы болушкан. Анда 422 комплекс болуп, ар биринин баасы 200 миң доллар болчу. Азыр 35 миллион долларга 110 комплексти берип жатасыңар. Бир комплекстин баасы 300 миң доллар болуп жатат. Эмне үчүн бир жылда 100 миң долларга көбөйүп кетти?" — деди Момбеков.

Депутат коррупциянын чордону ушул жерде экенин айтты.

Белгилей кетсек, "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу үчүн россиялык "Концерн радиостроения "Вега" компаниясы менен ноябрь айынын башында Маалымат технологиясы жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет келишимге кол койгон болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0