"Коопсуз шаардын" маалыматтары "Инфоком" менен "Транскомдун" серверинде сакталат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевРабочее совещание по вопросу реализации "Безопасный город"
Рабочее совещание по вопросу реализации Безопасный город - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат Пархат Тулендыбаев фото-видео байкоодон чогултулган маалыматтар кайда топтоло турганына кызыкты.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. "Коопсуз шаардын" бардык маалыматтары башында "Инфоком" менен "Транском" мамлекеттик мекемелеринин серверлеринде сакталат. Мындай пикирин Жогорку Кеңеште "Коопсуз шаар" боюнча чакырылгандар билдирди.

Депутаттар "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө КР өкмөтүнүн маалыматы тууралуу" Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун карашты.

Обращение сома в КР - Sputnik Кыргызстан
"Вега" компаниясы "Коопсуз шаар" долбоорунан канча пайда табат
Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов 25-январга чейин "Коопсуз шаар" долбоору боюнча биринчи аппараттык комплекстер орнотулат деп ишендирди.

Депутат Тулендыбаев келишим боюнча аукциондон уткан компания 90 күндүн ичинде биринчи этапты ишке ашырууну башташы керектигин, башкача айтканда, бул мөөнөт февралдын башына туура келерин белгиледи.

Эл өкүлү андан сырткары, транспортту каттоо системасы автоунаанын ээлерин айып пул салынганы боюнча маалымдар кылууга даярбы деген суроо узатып, ишеним кат менен айдап жүргөндөрдүн абалы кандай болорун сурады.

Ага Боронов машина кимге катталса, ошол киши төлөй турганын айтып, буга чейин автотранспортту кайра каттатуу акциясы жүргөнүн эскертти.

"Бир-эки жолу төлөгөндөн кийин айдоочулар автоунааны каттатууга өздөрү кызыкдар болуп калат", — деди Боронов.

Белгилей кетсек, "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу үчүн россиялык "Концерн радиостроения "Вега" компаниясы менен ноябрь айынын башында Маалымат технологиясы жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети келишимге кол койгон болчу. 

Жаңылыктар түрмөгү
0