Жапаров: Кыргызстандагы сайттар жакшыны ашырып, жаманды жашырышы керек

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жапаров Акылбек Усенбекович
Депутат Жапаров Акылбек Усенбекович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү Грузияда терс жаңылыктарды жалаң гана грузин тилинде жазыларын мисал келтирди.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында маданият министри Азамат Жаманкуловго кайрылып, туризмди өнүктүрүү жаатында ассиметриялык кадамдарга барышы керектигин айтты.

Бул жаатта Грузиядагы иштерди карап көрүп, ошондон бир нерсе алуу керектигин сунуштап, жакында аталган мамлекетке болгон сапары маалында кездешкен кызыктуу учуру тууралуу баяндады.

"Грузияга барганда үч күн бою бир дагы чуулгандуу окуя орус тилиндеги сайттарга чыкпаганын байкадым. Эмне болду десем, 2004-жылы Грузиянын президенти элге кайрылып, жаман нерселердин бардыгын грузин тилинде, жакшы нерселердин бардыгын орус, англис тилдеринде гана жазалы дептир", — деди депутат.

Международный аэропорт в селе Тамчи - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар 28 мамлекетке визасыз бара алат
Эл өкүлү Кыргызстандагы көрүнүш такыр башка экенин, сайттарда "92 жаштагы кемпир зордукталды" деген үрөй учурган маалыматтар көп экенин белгиледи.

"Сиз да элге ушундай кайрылуу жасашыңыз керек. Биздин сайттардын баарына тең жакшыны ашырган, жаманды жашырган кыргыздын салтын киргизишиңиз керек. Туристти күтөбүз десек, конокту күтөбүз десек ушундайга барышыбыз зарыл", — деди Жапаров.

Эл өкүлү укук коргоо органдарына кайрылып, турист деген конок экенин, келген адам кайта кете турганын эскертти. Ошондой эле коопсуздук маселеси да биринчи орунда турушу керектигин айтты.

"Турист деген — конок. Андыктан келген киши кетиши керек. Дүйнө жүзү боюнча туристтик карталар бар. Бизге келгендерге сим-картаны бекер беришибиз керек. Визаны алып салдык, бирок киргенде 10 доллардан төлөйсүңөр десе эч нерсе болбойт. Ошонун алкагында биз бекер сим-карталарды беришибиз керек. MegaCom деген өкмөттүн компаниясы бар. Ал жерде ушул турист кайда жүрөт деген атайын тиркеме болушу керек. Программалык камсыздоо менен азыркы жаңы технологиялардын бардыгын биз иш жүзүнө ашырышыбыз кажет", — деди депутат.

Бүгүн депутаттар "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0