Кыргызстандыктар 28 мамлекетке визасыз бара алат

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный аэропорт в селе Тамчи
Международный аэропорт в селе Тамчи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР жарандары Европанын бир мамлектинде визасыз жүрө алары маалым.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Учурда Кыргызстандын эли 28 мамлекетке визасыз бара алат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин өкүлү парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Горы Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан 2019-жылы саякаттоого эң мыкты 10 өлкөнүн катарына кирди
Учурда депутаттар "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карап жатышат.

ТИМдин өкүлү ошондой эле жакында Сербия менен да визасыз режим киргизилгенин айтты.

Депутат Абдывахап Нурбаев Шенген визасын алгандарга Кыргызстандын визасын жеңилдетилген тартипте берүүнү карап чыгуу керектигин билдирди.

"Кыргызстанга бир турист келсе, 4-5 киши жумуш орду менен камсыз болуп жатат. Туризмге көңүл бурсак, экономикага жакшы салымын кошот. Андыктан бул мыйзам долбоорун колдоо керек", — деди ал.

ТИМдин өкүлү туристтерге жакшы шарт түзүп берүү үчүн электрондук виза алуу системасы киргизилип иштеп жатканын кошумчалады.

Буга чейин депутат Дастан Бекешев жарандары визасыз келе алган мамлекеттердин санын 55ке жеткирүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда сунуштаган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0