Минск шаарына Чыңгыз Айтматовго эстелик ташы орнотулду

© Sputnik / Максат ЭлебесовМинск шаарына Чыңгыз Айтматовго эстелик ташы орнотулду
Минск шаарына Чыңгыз Айтматовго эстелик ташы орнотулду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал улуу жазуучунун атындагы паркка коюлду.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Минск шаарына улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган эстелик таш коюлганын кабарчыбыз жеринен билдирди.

Аны ачуу салтанатына КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Белоруссиянын өкмөт башчысы Сергей Румас катышты.

Эстелик ташы жазуучунун атындагы паркка коюлду.

Абылгазиев белорус тарапка ырахматын айтып, кыргыз элинин атынан ыраазычылык билдирди.

© Sputnik / Максат ЭлебесовМинск шаарына Чыңгыз Айтматовго эстелик ташы орнотулду
Минск шаарына Чыңгыз Айтматовго эстелик ташы орнотулду - Sputnik Кыргызстан
1/3
Минск шаарына Чыңгыз Айтматовго эстелик ташы орнотулду
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевАны ачуу салтанатына КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Белоруссиянын өкмөт башчысы Сергей Румас катышты
Аны ачуу салтанатына КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Белоруссиянын өкмөт башчысы Сергей Румас катышты - Sputnik Кыргызстан
2/3
Аны ачуу салтанатына КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Белоруссиянын өкмөт башчысы Сергей Румас катышты
© Sputnik / Максат ЭлебесовЭстелик ташы жазуучунун атындагы паркка коюлду.
Эстелик ташы жазуучунун атындагы паркка коюлду. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Эстелик ташы жазуучунун атындагы паркка коюлду.
1/3
Минск шаарына Чыңгыз Айтматовго эстелик ташы орнотулду
2/3
Аны ачуу салтанатына КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Белоруссиянын өкмөт башчысы Сергей Румас катышты
3/3
Эстелик ташы жазуучунун атындагы паркка коюлду.

"Айтматов атындагы парк эки элдин достугунун символу болот деп ишенем. Бул паркта Белоруссиянын жаш чыгармачыл элитасы убактысын өткөрөт деп ойлойм",- деди ал.

Всесоюзная фотовыставка Фотообъектив и жизнь - Sputnik Кыргызстан
Кыдырга жолугуп, президенттиктен баш тарткан. Чыңгыз Айтматов тууралуу 22 факты
Өз кезегинде Румас жазуучунун 90 жылдыгына карата парктын ачылышына катышып жатканына чын жүрөктөн кубанычта экенин белгиледи.

"Айтматов кыргыз элинин улуу уулу. Ал глобалдык масштабдагы талант, дипломат, гуманист, философ жана мамлекеттик ишмер болгон. Бардыгыбыз анын китептери менен чоңойдук",- деди ал.

Андан сырткары, январь айында Кыргызстан менен Белоруссия дипломатиялык байланыштын 25 жылдыгын белгилегенин кошумчалады.

Кыргызстандын делегациясы Минск шаарына дүйшөмбү күнү, 26-ноябрда келген. Шейшемби күнү Белоруссиянын борборунда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0