ӨКМ Бишкек — Ош жолундагы бүгүнкү кырдаал тууралуу маалымат берди

© Фото / пресс-служба МЧС КРПринудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош
Принудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ, 24-ноябрда, түндүк менен түштүктү бириктирген жол жабылган.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бүгүн саат 9.00дөн тарта Бишкек — Ош унаа жолундагы кырдаал жөнгө салынганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Бишкекте унаанын үстүнө бак кулаганын Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө WhatsApp каналы аркылуу билдирди - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте катуу шамалдан улам унаанын үстүнө бак кулады. Сүрөт
ӨКМдин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун жана Чүй облустук башкармалыгынын ыкчам топтору трассадагы абал турукташкандыгына байланыштуу өз ордуларына кайтып келишкен.

Эскертке кетсек, кечээ, 24-ноябрда, Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында кар калың жаап, бороон болгон. 127-чакырымына кар көчкү түшүп, "Сосновка" менен "Арал" бекеттерине чектөө киргизилип, жол жабылган. Буга байланыштуу "Сосновка" постунда жана Хусейин Көлбаев тоннелинде жылынуучу жайлар жана тамак-аш менен камсыздоо уюштурулган.

Ал эми Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы учурда чиркегичи бар оор жүк ташуучу унаалардан башка бардык транспорт каражаттары өтүп жатканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0