11:29 13 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8469
  • EUR77.0062
  • RUB1.0939
Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Алатай жаратылыш паркына 10 фотокапкан коюлду

Токтогул районундагы жаныбарларга эми камералар көз салат

© Фото / пресс-служба ПРООН в КР
Коом
Кыскача шилтеме алуу
18110

Аймактагы "Алатай" жаратылыш паркына 10 камера орнотулду.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Алатай" жаратылыш паркына 10 фотокапкан коюлду. Бул туурауу ПРООНдун Кыргызстандагы байланыш боюнча консультанты Мирлан Дыйканбаев билдирди.

  • Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Алатай жаратылыш паркына 10 фотокапкан коюлду
    Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Алатай" жаратылыш паркына 10 фотокапкан коюлду
    © Фото / пресс-служба ПРООН в КР
  • Эми фотокапкан аркылуу жан-жаныбарлардын санын, абалын жакындан таанып билүүгө жол ачылат
    Эми фотокапкан аркылуу жан-жаныбарлардын санын, абалын жакындан таанып билүүгө жол ачылат
    © Фото / пресс-служба ПРООН в КР
  • Ошондой эле жапайы жаныбарларга мыйзамсыз аңчылыкка чыккандарды аныктоого өбөлгө түзөт.
    Ошондой эле жапайы жаныбарларга мыйзамсыз аңчылыкка чыккандарды аныктоого өбөлгө түзөт.
    © Фото / пресс-служба ПРООН в КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба ПРООН в КР
Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Алатай" жаратылыш паркына 10 фотокапкан коюлду

Эңилчек өрөөнүнө коюлган фотокапканга үч мамалагын ээрчиткен аюу түшүп калган
© Фото / пресс-служба Союза охраны природы Германии в КР (NABU)
Эми фотокапкан аркылуу жан-жаныбарлардын санын, абалын жакындан таанып билүүгө жол ачылат. Ошондой эле жапайы жаныбарларга мыйзамсыз аңчылыкка чыккандарды аныктоого өбөлгө түзөт.

Фотокапкандар коюлардын алдында жаратылыш паркынын егерлери аны кантип орнотууну, алынган маалыматты кантип чогултуп, пайдалануу керектиги тууралуу окуудан өтүшкөн.

"Алатай" мамлекеттик жаратылыш паркы өкмөттүн токтому менен 2016-жылы түзүлгөн. Анын жалпы аянты 56 миң 826 гектарды түзөт. Парктын аймагын 200дөн ашык түрдүү жаныбарлар байырлайт.

Белгилей кетсек, Тогуз-Торо районундагы "Кан-Ачуу" жаратылыш паркына да фотокапкандар коюлган болчу.

Тема боюнча

Тогуз-Тородогу жаратылыш паркына фотокапкан коюлду
Телмире тиктеген ак илбирс. Ысык-Көлдөгү фотокапканга түшкөн жапайы жаныбарлар
Белгилер:
фотокапкан, ПРООН, Токтогул району, Жалал-Абад облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ