БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылынын жаштары сегиз баланын энесине үч бөлмөлүү үй салып беришти. Бул тууралуу муфтияттан маалымдашты.
Ак-Суу районунун баш имам хатиби Асантур ажы Абдрахмановдун айтымында, кайрымдуулук саамалыгы аймактарды өнүктүрүү жылына карата уюштурулуп, анын алкагында айыл жаштары 800 миң сом топтоп, көп балалуу энеге жардам беришкен.
Үйдүн ачкычын тапшырууга айыл аксакалдары жана тургундар катышты.
Кыргызстандын булуң-бурчунда айылдаштарына, досторуна жардам берген учурлар көп кездешет. Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы мектепти мындан 20 жыл бүтүрүп чыккандар ошол айылдагы майып болуп калган беш балалуу адамга үй куруп беришкен.