Бишкек мэриясы газ менен жүргөн автобус алуу үчүн тендер жарыялады

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтобусы, работающие на газе в Бишкеке
Автобусы, работающие на газе в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаадагы микроавтобустарды жаңыртуу үчүн 800 автобус керектелет.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Бишкек мэриясы газ менен жүргөн 60ка жакын автобус сатып алууну пландап жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бишкек жүргүнчү ташуу ишканасы 20-ноябрь күнү эл аралык тендер жарыялады. Ага автобус чыгарган заводдор жана алардын дилерлери катыша алат. Билдирмелер 11-декабрь күнү каралып, жеңген тарап 2019-жылдын март айында автобустарды алып келиши керек.

Автопарк списанных автобусов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кытайдан дат баскан автобустар алынып келгенби? Мэриянын жообу
Жаңы траснпортторду алууга шаардык бюджеттен 382 миллион 577 миң сом каралган.

Мэриядан белгилешкендей, борбор калаадагы микроавтобустарды жаңыртуу үчүн 800 автобус керектелет. Бүгүнкү күндө 10 каттамга дизель менен жүргөн ортоңку класстагы 90, жаратылыш газы менен жүргөн 10 автобус каттайт. Ошондой эле №35 маршруту боюнча ортоңку класстагы 16 автобус жүрөт.

"Газ менен жүргөн автобустар алынса чыгым азайып, уулуу газдын көлөмү кыскарат", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев бензин менен жүргөн автобус алууга мораторий киргизүүнү сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0