Макгрегорду туураган электрик коопсуздук боюнча экзаменди ийгиликтүү тапшырды

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүУстановки опор для воздушной ЛЭП в поселке Калининградской области
Установки опор для воздушной ЛЭП в поселке Калининградской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электрик 22-ноябрда компьютердик тестирлөөдөн өттү.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Ирландиялык мушкер Конор Макгрегордун басканын туурап зымкарагайга чыккан электрик Адилет Асанбеков техникалык коопсуздук боюнча экзаменди ийгиликтүү тапшырды. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Буга чейин ишкана кызматкери белгилүү мушкерди тууроо менен коопсуздук эрежесин бузгандыгын айтып, ал экзаменден кайра өтмөй болгондугун маалымдашкан. 

"Кызматкер техникалык коопсуздук боюнча эрежени бузган. Анын кесепетинен жабыркап калышы мүмкүн эле", — деп айтылат маалыматта.

Асанбеков бейшемби күнү, 22-ноябрда, компьютердик тестирлөөдөн жана оозеки жооп берүүдөн ийгиликтүү өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0