09:29 07 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Портрет Бурулай Турдалы Кызы на фасаде общежития Бишкекского медицинского колледжа по улице Логвиненко

Бишкекте Бурулайдын портрети жатакананын дубалына тартылды

© Фото / Сергей Келлер
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулай (37)
426 0 0

Бурулай медициналык колледжде билим алып келген. Ал болгону 19 жашта эле.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Бишкекте Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө бычакталган 19 жаштагы Бурулай Турдали кызынын портрети пайда болду.

Портрет Логвиненко көчөсүндө жайгашкан Бишкек медициналык колледжинин жатаканасынын дубалына тартылды. Эмгектин автору — Сергей Келлер менен DOXA Art-group чыгармачылык тобу. 

Портрет Бурулай Турдалы Кызы на фасаде общежития Бишкекского медицинского колледжа по улице Логвиненко
© Фото / Сергей Келлер
Бишкекте Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө бычакталган 19 жаштагы Бурулай Турдали кызынын портрети пайда болду

Маалыматка караганда, портретти тартууга беш күн кеткен. Медициналык колледждин жетекчилиги уруксат берсе, "Аялдарды колдоо борбору" демилгелеген.

"Биздин оюбузча, бул кыздын трагедиялуу окуясын элдин баары билет… Эмгек коомчулуктун көңүлүн гендердик зомбулук көйгөйүнө буруу үчүн жасалды", — деди Келлер.

Портрет Бурулай Турдалы Кызы на фасаде общежития Бишкекского медицинского колледжа по улице Логвиненко
© Фото / Сергей Келлер
Портрет Логвиненко көчөсүндө жайгашкан Бишкек медициналык колледжинин жатаканасынын дубалына тартылды
Ал ошондой эле портрет адамдардын укугу боюнча жалпы улуттук иш-чараларга старт бергенин кошумчалады.

Эске салсак, 2018-жылы 28-майдын түнүндө 30 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган. Кыз алган жараатынан улам каза болуп, эркек киши ооруканага түшкөн.

Окуядан кийин Чүй милициясынын жетекчиси жумуштан айдалып, укук коргоо органдарынын башка кызматкерлерине дисциплинардык чара көрүлгөн

Тема:
Милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулай (37)

Тема боюнча

Бурулайдын өлүмү боюнча сот отурумунда мушташ чыкты. Видео
Бурулайдын өлүмү: криминалист сотто берген көрсөтмөлөрүндө жаңылууда
Бурулайдын өлүмү боюнча сот кийинки жумага жылдырылды
Кашкар Жунушалиев Бурулайдын атасы жолугуудан баш тарткан деди. Чынбы?
Белгилер:
портрет, Бурулай Турдали кызы, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ