Ирсалиев соттордун пенсиясы кандайча 80 миңге чейин жетип жатканын түшүндүрдү

Жазылуу
Миң сомго чейин пенсия алгандардын так саны жок.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Кыргызстан боюнча 648 миң пенсионер болсо, алардын эки пайызы эки миң сомго чейинки пенсия алат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди. Ал 1000 сомго чейин пенсия алгандардын саны жок экенин айтты.

Ирсалиев 2017-жылдын 1-октябрынан баштап пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сом өлчөмүндө деп белгиленгенин башкача айтканда 280 сомго көбөйгөнүн билдирди.

"Пенсиянын базалык бөлүгүн толук алыш үчүн эркектердики 25 жыл, аялдардыкы 20 жыл эмгек стажы болушу керек", — деди ал.

Бажы кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бажыга орношсом айлык албай иштейт элем дегендер бар. Пенсия тууралуу талкуу
Ирсалиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып 80 миң сом пенсия алгандардын негизги пенсиясы 25-30 миң сом экенин, бирок мамлекет тарабынан кошулган каражаттардын негизинде алардын пенсиясы 80 миң сомго чейин чыгып жатканына токтолду.

"Соттордун статусу жөнүндө мыйзамда соттордун эмгек стажына жараша пенсиянын өлчөмү 1,5 эседен 2,5 эсеге чейин деп эсептелген. Андан тышкары, эки миң кишинин тегерегинде персоналдык пенсия алгандар бар. Алардын кошумча акысы 60 пайыздан 120 пайызга чейин деп бекитилген. Бардык кошумча акы республикалык бюджеттен каржыланат", — деди ал.

Депутат Сайдулла Нышанов пенсиянын көлөмүн жашоо минимумуна жеткидей кылып көтөрүү керектигин, ошондо гана пенсияны көбөйттүк деп ооз көптүрүп айтканга болорун белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0