Депутат: "Кумтөрдүн" алдында аймактарды өнүктүрүү фондун түзүү керек

Жазылуу
Эл өкүлү фонд чакан ишкерлик менен алектенгендерге коюму үч пайыздан көп болбогон насыяларды бериши керек деп эсептейт.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев "Кумтөр" боюнча жүргүзүлүп жаткан жаңы сүйлөшүүлөргө аймактарды өнүктүрүү фондун ачуу тууралуу да атайын пункт киргизүү керектигин парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Учурда депутаттар ар кандай маселелерди карап жатат.

Төрөбаев өткөндө премьер Мухаммедкалый Абылгазиев парламентке келгенде "Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтып, бирок кандай шарттар каралганын маалымдабаганын белгиледи.

Алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытай "Жерүйгө" да көз артып жатабы? Профсоюз коңгуроо кагууда
"Ошол сүйлөшүү тууралуу биз да кабардар болсок. Себеби "Кумтөрдөн" бизге канча каражат келсе да Кыргызстан "Ысык-Көл" фондунан тышкары эч кандай пайда көрө алган жок. 26 жылдын ичинде салык, социалдык төлөмдөр түрүндө 3 миллиард доллар түшкөн экен. Бирок ал акчаны мындайча айтканда жеп эле койдук. Экономикага кандай таасир берди? Сезе алган жокпуз. Ошондуктан жаңы келишимге кол коёрдун алдында экономикага таасир бере турган, жаңы жумуш орундарын түзө турган, киреше алып келе турган — аймактарды өнүктүрүү фонду түзүлсө деп айтат элем", — деди депутат.

Эл өкүлү аталган фонддун акчасына кичи жана чакан жумуш орундарын түзгөн ишканаларды ачып, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуу керектигин кошумчалады.

Төрөбаев ошондой эле фонд коюму үч пайыздан көп эмес насыя берип, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна альтернатива болушу керектигин белгиледи.

"Аймактарды өнүктүрүү фонду түзүлсө, кыргызстандыктар "Кумтөрдөн" түшкөн акчанын пайдасын көрүп ыраазычылык билдирмек", — деди депутат.

Белгилей кетсек, ноябрь айынын ортосунда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте сүйлөп жатып Centerra Gold Inc. компаниясы кыргыз өкмөтү менен былтыркы жылдын сентябрында түзгөн стратегиялык макулдашуусуна канааттанбай турганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0