Бишкекте алыскы аймактарга каттаган айдоочуларга эскертүү берилди

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаа. Архив
Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочуларга коопсуздук эрежелери боюнча нускамалар тапшырылганы айтылат.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Свердлов районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери райондун аймагында жайгашкан автобекет менен базарларга барып, алыскы аймактарга каттаган айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Билдирмеге караганда, ӨКМдин кызматкерлери Чыгыш автобекети, "Дордой", "Кербен", "Мадина", "Алкан" базарларын кыдырып, айдоочулар менен кезигишкен.

"Облустарга, райондорго жана алыскы аймактарга адамдарды, жүк ташыган айдоочуларга узак жолго чыгууда жана жүрүүдөгү коопсуздук эрежелери боюнча нускамалар берилди. Нускаманын мааниси катуу жамгыр жааганда, кар жаап жолдор тайгак болгондо дөңгөлөктү которуу, кошумча жылуу кийим ала жүрүү, күрөк, тросс, дөңгөлөккө тагылчу чынжырча, термос, ысык чай жана башка керектүү нерселерди ала жүрүү эскертилди", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өзгөчө кырдаалга кабылган учурда дүрбөлөңгө түшпөй 112 кызматына кабарлап, өзүнүн аты-жөнүн, кандай кырсыкка кабылганын жана так дарегин маалымдоо зарылдыгы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0