Дем алыш күндөгү узак уйкунун зыяндуу жактары айтылды

Жазылуу
Биологиялык сааттардын алмашуусу организмде өнөкөт баш ооруну жана чарчоону чакырып, жүрөк-кан тамыр илдеттеринин келип чыгышын шарттайт.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Иш күндөрү менен дем алыштагы уйкудан ойгонуунун айырмасы ден соолукка терс таасирин тийгизиши мүмкүн экендигин "Известия" маалымат агенттиги сомнолог-окумуштуулардын пикирине таянып жазды.

Басылмадагы маалыматка таянсак, ишемби жана жекшемби күндөрү адамдар кеч жатып, кеч ойгонушат. Бул өз кезегинде ден соолукка кедергисин тийгизе тургандыгы ар кайсы өлкөнүн окумуштуулары тарабынан белгилүү болгон.

Толук адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Диетологдор чыккан курсактан арылуунун жөнөкөй жолун сунуштады
Алардын пикиринде, биологиялык сааттардын алмашуусу организмде өнөкөт баш оорусун жана чарчоону чакырып, жүрөк-кан тамыр илдеттеринин келип чыгышын шарттайт. Америкадагы Аризона университетинин иликтөөсүндө дем алыш менен иш күнүндөгү ар бир сааттын айырмасы инфаркт менен инсультка кабылуу мүvкүнчүлүгүн 11 пайызга жогорулатат. Сомнологдор болсо уйку режиминин бузулушу толуп кетүүгө жана кант диабетине алып келиши мүмкүндүгүн кошумчалаган.

Анткен менен басылмада айрым окумуштуулар уйку ыргагынын өзгөрүшү олуттуу деле ооруга түздөн-түз себепчи эмес экендигин билдирип, эң башкысы уйку сапаттуу жана толук кандуу болушу керектигин айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0