Ричард Тайсон менен кылыччан кыргыз балдар. "Чыңгыз хандагы" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Дүйнөгө белгилүү режиссер, актер Ричард Тайсон менен кыргыздын кичинекей балдарынын сүрөтү 1993-жылы Чүй облусунда тартылган.

Монголдордун курчоосундагы Төлөмүш Океев . Чынгыз хандагы таберик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
"Монголдордун" курчоосундагы Төлөмүш Океев. "Чынгыз хандагы" таберик сүрөт
Ошол жылы кыргызстандык жана чет элдик киночулар биргеликте "Чыңгыз хан" тасмасын тартууга киришкен. Фильмге англиялык Кен Эннакин менен Төлөмүш Океев режиссерлук кылып, фильмди тартуу иштерине даярдык Ысык-Көл менен Чүй облусунда жүргөн.

Долбоорго жүздөгөн жергиликтүү тургундар тартылып, казак, кыргыз актерлору роль жараткан.

Ошол маалда тарыхый эмгектин көркөм кеңешинде редактор болгон кыргыз эл жазуучусу, драматург Мар Байжиев ал учурду мындайча эскерет:

"Тартуу иштери толугу менен башталбай туруп эле бүтүп калган тасмага көп киши аралашкан. Ошол кезде даярдык катуу жүрүп, чет элдиктер каржы маселесинен улам кетип калышты окшойт. Сүрөттө менимче жергиликтүү тургундардын эле балдары. Даярдык маалында атайын кийимдер тигилип, массовкага кишилер чогултулган. Режиссер Төлөмүш Океев консультант болуп дагы эмгектенген", — деп эскерет драматург.

Ошондой эле ал "Чыңгыз ханды" Океев тартсам деп жүргөнүн, бирок италиялыктар келе калып жыйынтык болбой калгандыгын кошумчалады.

Тсма тартуу иштерине атактуу италиялык актер Ричард Тайсон, сингапурлук актриса Жулия Никсон, америкалык Родни Грант менен Чарлтон Хестон да катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0