07:11 23 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.3135
  • RUB1.0964
КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков. Архив

КТРКнын айдоочулары эмнеге иш таштады? Илим Карыпбековдун түшүндүрмөсү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
928 0 0

Шаршемби күнү эртең менен 48 айдоочу жумушка чыгуудан баш тарткан.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Коомдук телерадиокорпорациясынын айдоочулары бүгүн иш таштады. Бул тууралуу социалдык тармактарда жарыяланып, маалыматты Sputnik агенттигине айдоочулардын бири Самарбек Мамбетов тастыктады.

Анын айтымында, айдоочулар КТРКнын Автотранспорт цехинин жетекчиси Рерик Абакировдун иштен алынганына нааразы болууда.

Алар жетекчи жумуштан кетип, ордуна башка адам келгенин шаршемби күнү эртең менен билишкенин айтышат.

"Эртең менен жумушка келсек, Адис деген жигит келип, бизге жетекчи болгонун айтты. Абакиров тогуз жылдан бери бизге башчы болуп иштеп келе жатат. Өз ишин жакшы билет. Ошондуктан биз каналдын жетекчилигине аны эмнеге жумуштан кетиргенин түшүндүргүлө деп доомат коюп жатабыз", — деди Мамбетов.

Айдоочу кошумчалагандай, КТРКнын жетекчиси нааразы болгон айдоочулар менен жолугуп, текшерүү иштери болуп жатканын, бирок мурдагы жетекчи ордунда каларын билдирди.

Бул маалыматты КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков дагы тастыктап, өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазды.

Анын айтымында, КТРКнын түзүмүндө "Республикалык радио-теле борбор" деген юридикалык уюм бар, ал өзүнчө мамлекеттик мекеме болуп эсептелип, каналга транспорттук кызматтарды көрсөтөт.

"Бүгүн чынында эле бул уюмдун айдоочулары кызматка чыгуудан баш тартышкан. Мен жерине барып шоопурлар менен жолугуп, алардын талабын уктум. Негизи КТРКнын "Республикалык радио-теле борборунун" гаражынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Анын иши объективдүү болуусу үчүн Автотранспорт цехинин жетекчиси Рерик Абакировду убактылуу кызматынан четтетүү чечими кабыл алынган. Бул чечим менен макул болбогон айдоочулар нааразы болушту", — деп жазылат Карыпбековдун билдирүүсүндө.

Жетекчи кошумчалагандай, айдоочулардын дооматынан кийин Абакировду убактылуу четтетүү чечими жокко чыгарылган.

Мындан тышкары, аталган гаражды текшерүүгө расмий укук коргоо органдарын жана Эсеп палатасынын адистерин чакыруу чечими кабыл алынды.

Билдирүүсүнүн аягында Карыпбеков айдоочулар кайрадан ишке киришкенин жазды.

Тема боюнча

Үй алам деп алдангандар. Бир үлүшчү көз жуумп, үчөө инсульт алды
Белгилер:
нааразылык акциясы, айдоочу, КТРК, Илим Карыпбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ