Россия Кыргызстанга 10 миллион доллар бөлдү. Акча эмнеге жумшалат

© REUTERS / Jose Luis Gonzalez / File PhotoДоллар. Архив
Доллар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы мектептердин чейрек бөлүгүнүн окуучуларына Россия каржылаган долбоордун негизинде түшкү тамак-аш бериле баштады.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда ысык тамак берүү долбооруна кирген мектептердин саны арбыды. Бул туурасында БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынан кабарлашты.

Сынамык 420 мектепке дагы 83ү кошулган. Ошентип кенже класстын 145 миң окуучусу күн сайын сапаттуу түшкү тамак иче баштады.

"Бул мектептеги тамактандырууну жакшыртуу боюнча Россиянын программага бөлгөн 10 миллион долларлык финансылык колдоосунан улам болуп жатат. Ал акчага электр мештерин, көп азыкты куура турган шкафтарды, электр көмөч казандарын, камыр жуурган аппараттарды, муздаткычтарды, суу ысыткычтарды, идиш жуугучтарды, жашылча-жемиштерди туураган техникаларды жана башка керектүү буюмдарды алдык. Жогоруда саналган оокаттардын баары балдарды түшкү тамак менен камсыздоого керектелүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Мектептеги тамактанууну жакшыртуу боюнча программа Кыргызстанда 2013-жылдан бери Россиянын финансылык колдоосунда ишке ашып келет. Анын максаты — өлкөдөгү 2200 мектепте тамактануунун сапатын жакшыртуу.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0