Бишкектен иш таппай жүрөсүзбү? 3 000 жумушчу орун сунушталган жарманке өтөт

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүМосква шаарындагы жумуш жарманкеси. Архив
Москва шаарындагы жумуш жарманкеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумуш издеп жүргөндөр иш-чаранын алкагында иш берүүчүлөр менен түз сүйлөшсө болот.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Бишкекте вакансиялар жарманкеси өтө турганын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин шаар башкармалыгынан кабарлашты.

Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү Болот Купешов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Купешов: ишкерлер жарнаманын аркасы менен өнөктөш таба алат
Иш-чара 23-ноябрь күнү Токтогул, 237 (Жаш Гвардия проспектиси менен кесилишет) дареги боюнча жайгашкан башкармалыктын кеңсесинде өтмөкчү.

Жарманкеге Бишкек менен Чүй облусундагы 30дан ашуун ишкана, уюмдар катышат. 3000дей вакансия сунушталып, алар негизинен байланыш, тейлөө, коомдук тамактануу, курулуш тармагы боюнча боло турганы айтылды.

Каалоочулар иш берүүчүлөр менен түз сүйлөшө алат.

Жумушту социалдык тармактан да табууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0