Бишкекте куткаруучулар батареяга буту кыпчылып калган балага жардам беришти

© AP Photo / Kathy WillensЖылытуу батареясы. Архив
Жылытуу батареясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 18-ноябрда кечке жуук болгон.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын Свердлов районундагы үйлөрдүн биринде 5 жашар баланын буту батареяга кыпчылып калып, куткаруучулар келип чыгарып беришкен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, окуя 18-ноябрда саат 17:00дөр чамасында болгон.

Андан кийин балага кандай жардам көрсөтүлгөнү жазылган эмес.

Буга чейин Индияда 3-кабаттан кулап кеткен баланы досу кантип сактап калганы тартылган видео интернетке жарыяланган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0