Нарында көмүрдүн тоннасы 3500 сомдон сатылууда

© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Нарынской областиКөмүр жүктөлгөн жүк ташуучу унаалар. Архив
Көмүр жүктөлгөн жүк ташуучу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда элдин 63 пайызы көмүр сатып алган.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Быйыл кышында Нарын шаарынын мекеме-ишканаларына жана калкына жалпы 9240 тонна кɵмүр керек болсо, бүгүнкү күнү 78 пайызы кара алтын менен камсыздалды. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жылуулук берүү ишканасы жана социалдык мекемелер толугу менен камсыз болуп, ал эми калктын 63 пайызы кɵмүр алды.

"Учурда шаардагы атайын уюштурулган кɵмүр кампаларында жана жеке ишкерлердин үйлɵрүндɵ 360 тонна кɵмүр сатуу үчүн турат", — деп айтылат маалыматта.

Бардык соода түйүндɵрүндɵ кɵмүрдүн тоннасы 3500 сомдон, бир кап кɵмүр 200 сомдон сатылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0