Бишкекте саатына батир бергендерди аныктоо үчүн рейд жүрүп жатат

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүЭшик. Архив
Эшик. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейд азырынча Свердлов районунда жүрүп жатат.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бишкекте мыйзамсыз негизде саатына батир бергендерди аныктоо максатында рейд жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Курулуп жаткан турак үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте батирлер арзандайбы? Кыймылсыз мүлк рыногундагы баалар
Маалыматка караганда, көпчүлүк ижарага берүүчүлөр салыктарды төлөп жатат, бирок арасында мыйзамсыз негизде бизнес кылып жаткандары да бар.

Жарандардан түшкөн арыздардан улам жана жергиликтүү бюджеттин казынасына киреше алып келүү максатында Свердлов райондук администрациясы менен Салык кызматынын өкүлдөрү рейд жүргүзүп жатат. Алар батир берип иштегендерди каттоого алып базага киргизишет. Андан соң батир ээлерине салыкты убагында төлөө боюнча маалымдама жиберилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0