20:59 15 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8396
  • EUR77.0051
  • RUB1.0869
Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архив

Таласта эгизинин паспорту менен чек араны кесип өткүсү келген кыз кармалды

© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
199 0 0

Кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Шейшемби күнү, 13-ноябрда Таластагы "Чоң-Капка" бекетинде Казакстанга башка бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет кылган кыз кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Ведомстводон билдиришкендей, чек арадан өтүп бараткан жаран 22 жаштагы З.Р. аттуу кызга таандык паспортту көрсөткөн. Бирок ал бир нече суроого жооп бере албай калып күмөн жараткан.

"Текшере келгенде документти көрсөткөн кыз Ф.Р. аттуу жаран экени, ага сыртка чыгууга тыюу салынгандыктан эгизинин паспортун колдонгону маалым болду", — деп айтылат маалыматта.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин Ф.Р. УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Тема боюнча

Алимент төлөбөй сыртка чыга албай жүргөн кыргызстандык чек арадан кармалды
Белгилер:
чек ара, паспорт, "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү жайы, Талас

ЭҢ МААНИЛҮҮ